Модалдык логика – составына модалдуулук (модалдык операторлор) «зарылчылык», «мүмкүнчүлүк», «чындык», «кокустук» жана аларды тануу кирген ой жүгүртүү структурасын үйрөнүүнү изилдеген логикалык система. Аристотелдин, стоиктердин, схоластиктердин эмгектеринде эле Модалдык логиканын айрым негизги аныктамалары жана мыйзамдары белгиленген. Модалдулукту математикалык (символикалык) логиканын каражаттары менен изилдөө К. Люистин жана Лукасевичтен башталган. Алар модалдуулук абсолюттук мүнөзгө ээ болгон модалдык логика системасын сунушташкан, б. а. кандайдыр бир башка айтылган ойго салыштырмасыз айтылганга ыйгарылат. Азыркы учурда релеванттык деп аталган салыштырмалуу модалдуулукту камтыган Модалдык логика изилденүүдө. Маанисине карата модалдык операторлорго сыйгыштырылып, алетикалык модалдуулук логикасына, эпистомологиялык модалдуулук логикасы жана деонтикалык логикага ажыратылат. Модалдык логика семантикасы мейкининде С. Критке маанилүү натыйжага жетишкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8