Молдоташев, Ишенбай Курманович

Молдоташев Ишенбай Курманович (1953-ж. т., Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы) —кардиолог, медицина илимдеринин доктору (1989).

Молдоташев Ишенбай Курманович

Өмүр таржымалы түзөтүү

1975-ж. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн. 1975-77-ж. ошол эле институтта ординатор.
1978-жылдан Кыргызстан кардиология илимий изилдөө институтунда илимий кызматкер. 1978-жылдан ошол институтта бөлүм башчы.

Жетишкендиктери түзөтүү

Молдоташев жүздөн ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектеринин көпчүлүгү Кыргызстанда жүрөктүн өнөкөт жетишсиздигин изилдөө, дарылоо жана алдын алуу боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга жана аларды практикада колдонууга арналган.

Сыйлыктары түзөтүү

Ал Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (1984) жана Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1987), Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо отличниги (1991). Ультраун боюнча эл аралык коомдун мүчөсү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер түзөтүү

Молдоташев Ишенбай: Ишеними жок жашоону караңгылык деп эсептейм Archived 2016-11-02 at the Wayback Machine