Монохроматор (оптикада) – оптикалык нурлануу спектринин кууш бөлүгүн алуу үчүн курал. Монохроматордун элементи – дисперсиялоочу призма жана дифракция торчосу. Объективдин фокус аралыгы менен дисперсия бурчун аныктайт. Дисперсиялык призма, дифракциялык торчо дисперсиялоочу элемент болуп эсептелет. Ар кандай спектрлер үчүн ар кайсы материалдан жасалган призмалар керек. Монохроматордун сапатын анын тактыгы жана жарык күчү аныктайт. Монохроматордун объективи (коллиматордук жана фокустоочу) линзадан жана күзгүдөн турат. Объектив күзгүдөн жасалса, кеңири спектрдин диапазонун алат, линзалуу объективден айырмасы спектрдин бир бөлүгүнөн башка бөлүккө өткөндө кайрадан фокустоо талап кылынбайт. Көзгө көрүнбөгөн ультракызгылткөк жана инфракызыл спектрлерде күзгүлүү объективди колдонуу ыңгайлуу. Монохроматордун колдонулушунун дагы бир артыкчылыгы – дисперсияны жогорулатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү