Москалев, Владимир Михайлович

Москалев Владимир Михайлович (1949-ж. .т., Ак-Суу району, Отрадный айылы) — артист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1986).
1971-ж. Бишкектеги Н. Крупская атындагы мамлекеттик театрдын алдындагы студияны бүткөн. Ошол жылдан ушул театрдын артисти. Ал бардык жанрдагы ролдорду ачып бере алган актёр.

Анын аткарган негизги ролдору: Абуталип (Ч. Айтматов, «Кылымга тете бир күн»), Пикеринг (Б. Шоу, «Пигмалион»), Лев Шабельников (В. Арро, «Ким келгенин караңыз»), Иисус Назарянин (Ч. Айтматов, «Кыямат»), Петруччо (В. Шекспир, «Азоого чалма»), Вершинин (А. Чехов, «Эже сиңдилер»), Чернышов (И. Дворецский. «Колыма») жана башка.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу: энциклопедия. Бишкек-1994-ж.