Мусурманов Жоро 1921-жылы Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган.

  • 1930-1936-жылдары, Сафаровка айылындагы колхоз жаштары мектебинен 6-классты бүтүрөт.
  • 1940-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынан башталгыч класстар мугалими кесибине ээ болуп чыгат.
  • 1939-1941-жылдары «Эркин» жети жылдык мектептин директору болуп иштейт.
  • 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка катышып келген.
  • 1946-1953-жылдары Октябрь Райком партиянын агитация-пропаганда бөлүмүнүн башчысы, Октябрь райондук ВЛКСМдын биринчи катчысы, Ала-Бука Райком партиянын биринчи катчысы, Октябрь райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп эмгектенет.
  • 1953-жылы РПШнын угучуусу болуп билимин жогорулатат.
  • 1953-1965-жылдары Ачы райондук аткаруу комитетинин төрагасы, «Фрунзе» мектебинин директору, «Ленин» колхозунун төрагасы, «8-Март» мектебинин директору, «Ленин-Жолу» колхозунун партия катчысы болуп иштеп, 1965-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин аяктайт.
  • 1947-1965-жылдары бир жолу облустук, үч жолу райондук, эки жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайланган.
  • 1980-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
  • Эс алууга чыккандан кийин да, Октябрь айылдык сырттан окуу мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенип келген.
  • Эки орден, он медаль, көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган.
  • 1992-жылдын 19-ноябрда дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3