Мухаммед Йакуб Бек, Жакыпбек (1820, Кокон хандыгы, Пекент ш. – 1877) – Чыгыш Түркстандагы Жетишаар мамлекетинин башкаруучусу.

Мухаммед Йакуб Бек

Кудаяр хан жана Йакуб бек түзөтүү

Ташкен бегинин жардамы менен Чыназ дубанынын акимдигине дайындалган.
1851-жылы Акмечит калаасынын беги болгон. Кудаяр ханга каршы козголоңу ишке ашпай, 1853-жылы Бухарага качкан.
1858-жылы Кудаяр хан биринчи ирет тактан түшкөндө Йакуб бек Коконго кайтып келген.
1862-жылы кайрадан бийликке келген Кудаяр хан аны өлүм жазасына буйруган жана Алымкул аталык куткарып калгандан кийин кайрадан Бухарага качкан.
1863-ж Букар эмиринин кыргыз-кыпчактар менен согушуп жаткан Кудаяр ханга жардамга жиберген 2000 аскерин жетектеп келип, Йакуб бек Маргалаң шаарынын жанында жеңилүүгө учураган. Бухаранын колдоосунан ажыраган Кудаяр кайрадан бийликтен кеткенде, Йакуб бек Алымкул аталык баштаган Кокон хандыгынын башкаруучуларына кошулган. Ошол эле жылы Чыгыш Түркстан калктарынын Цин баскынчылыгына каршы көтөрүлүшү башталган. Кыпчак (айрым маалыматтарда кыргыз) Сыдык бек башында турган көтөрүлүшчүлөр Кашкарды ээлешкен. Сыдык бек Кокондун башкаруучусу Алымкул аталыкка кайрылып, Жааңгер кожонун уулу Бузрук кожону хан көтөрүү үчүн Кашкарга жөнөтүүсүн сурайт.

Йакуббек бадавлат түзөтүү

1864-жылы Бузрук кожо Йакуб бектин жана Алымкулдун тууганы Алдаштын коштоосунда 60 киши менен Кашкарга кирген. Сыдык бек бийликти Бузрук кожого өткөрүп берген. Бузрук кожо Йакуб бекти баатырбашы кызматына дайындап, армиянын командачылыгын берген. Йакуб бек Кашкардын айланасындагы бир канга ийгиликтүү жортуул жасагандан кийин бийликти тартып алып, Бузрук кожону Мекеге зыяратка жөнөткөн.
Үч жылдын аралыгында Кашкар, Янги-Гиссар, Жаркен жана Хотан округдарын бириктирип, 1866-жылы өзүн мамлекетин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («дөөлөт ээси») деп жарыялаган.
1864-жылы жайында Аксу жана Турпан шаарларын ээлегенден кийин, Музарт аркылуу өткөн кыска жол менен Кулжага чабуул коюуга ниеттенген. Колпаковский жөнөткөн 92 Полторацкийдин кошууну Музарт ашуусун ээлеп, ага жакын дарыядагы көпүрөнү кыйратышкан.

Англия жана Россия менен мамилелери түзөтүү

1867-жылы Йакуб бек Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Хотан, Аксу жана башкалар шаарларды биротоло баш ийдирген жана тышкы саясатында Англия менен Россиянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланган.
Нарын суусунун жогорку агымында топографиялык сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзгөн орус кошуунунун башчысы Полторацкий менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Россия менен соода мамилелерин түзүүгө жетишкен. Орус соодагерлери Кашкарга кирип, Йакуб бектин баасы боюнча соода жүргүзүшкөн. Орус соодагерлери менен Йакуб бек өзүнүн жээни Шады Мырзаны Түркстан генерал-губернатору Кауфманга туруктуу соода байланыштарын орнотуу жана Россия менен чегараларды тактоо үчүн жөнөткөн. Кауфман Шады Мырзаны Петербургга узаткан, бирок Россия Кытай менен достук мамиледе тургандыктан, Йакуб бек менен эч кандай сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгын билдирген. Россия менен байланыш түзүү аракеттери ийгиликсиз аяктагандан кийин Йакуб бек Англия менен мамилесин чыңдай баштаган.
1868-жылы Англия өкмөтү Йакуб бекке тез атуучу замбиректин жана жаңы үлгүдөгү 10 миң мылтыктын түрлөрүн белек катары берген. Ошол эле учурда Йакуб бек теңиртоолук жана ысыккөлдүк кыргыздарды өзүнө тартуу максатында бугу уруусунун манаптары Тилекматка жана Муратаалыга, саяк уруусунун манабы Осмонго, сарыбагыш уруусунун манабы Үмөтаалыга киши жиберип, жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Йакуб бек Кашкарга чектеш Атбашы, Нарын, Аксай, Арпа, Каракужур жана Соңкөл аймактарын өзүнүн карамагына кошуп алууну көздөгөн. Россияга каршы чыгуу үчүн ал Бухара эмиринин жана Кокон хандыгынын агенттери менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, орустардын оторчул бийлигинин Түндүк Кыргызстанда бекемделишине тоскоолдук кылган. Осмон Тайлак уулу Тогузтородо майор Загряжский баштаган орустардын кошуунуна кол салгандан кийин Кашкарга – Йакуб бекке качып барган. Йакуб бек Осмонду салкын кабыл алган жана абакка олтургузган. Ал орустар менен мамилесин бузбаш үчүн Осмон туткундап келген солдаттарды Нарынга өткөрүп берген.
1868-жылы октябрда штабс-капитан Рейнталдын Йакуб бекке барган элчилиги ийгиликсиз аяктаган. Йакуб бек 1870-жылы Англиянын Форсайт баштаган элчилигин ардактап кабыл алган жана ачык эле Британияга ыктай баштаган. Ушул эле жылы өзүнүн ээлигин кеңейтүү максатында Йакуб бек Кулжага кол сала баштаган.
1871-жылы июль айында генерал Колпаковский Кулжаны басып алып, Иле аймагын караткан жана Таранчы султандыгы жоюлган. Натыйжада, Россия Кулжага Йакуб бектен мурдараак үстөмдүгүн орнотууга жетишкен.
1872-жылы Йакуб бек Россия үчүн пайдалуу соода келишимин түзүүгө аргасыз болгон жана Англия менен Россиянын ортосунда ыңгайлуу жол издегенди уланта берген.
1874-жылы түзүлгөн келишим боюнча Англия Кашкардын көзкарандысыздыгын жана Йакуб бектин бадавлат амир даражасындагы мамлекеттин башкаруучу бийлигин тааныган. Кашкар мамлекетин Түрк султаны дагы таанып, Йакуб бекке эмир даражасын ыйгарган. Бул келишим Кашкардын Англиянын таасир этүү чөйрөсүнө айлангандыгын тастыктаган.
1876-жылы Цин империясы дуңгандардын көтөрүлүшүн баскандан кийин Чыгыш Түркстанга жүрүш жасай баштаган.
1876-жылы кышында Даванчи кырка тоосунун эки тарабында Йакуб бек менен Цин империясынын күчтөрү бири-бирине каршы согушууга даяр турган. Бирок чечүүчү салгылашуу болгон эмес.
1877-жылы июнь айында Йакуб бек каза болгон жана көп узабай Цин империясы Чыгыш Түркстанды кайрадан басып алган. Йакуб бек өзүнүн заманына жараша авантюралуу саясат жүргүзгөн айлакер башкаруучу болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү