Мүдүрүм мөңгүлөрүКакшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы өрөөн тибиндеги ири 3 мөңгү (Батыш, Ортоңку жана Чыгыш М. м.). Мүдүрүм суусунун сол куймалары Болгонду менен Тешикчаптын аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан.

Батыш мөңгүсү түзөтүү

Батыш мөңгүсүнүн уз.4.4 км, аянты 4,4 км2. Башы деңиз деңг. 4460 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Абляция облусунун аянты 0,6 км2.

Ортоңку мөңгү түзөтүү

Ортоңку мөңгүнүн уз. 4,3 км, аянты 4.5 км2. Башы 4660 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Бул мөңгүлөр жаткан цирктердин төрлөрүндө кардын калың топтолушуна батыштан соккон шамалдын таасири зор. «Тилдеринин» бети тегиз; кар чеги 4280 м бийиктикте.

Чыгыш мөңгүсү түзөтүү

Чыгыш мөңгүсүнүн уз. 4,4 км, аянты 8 км2. Мөңгү жайык цирктин таманында жатып (эни 600 м), этеги 4000 м бийиктиктен бүтөт. Куралуу облусу бири-биринен жапыз урчуктар менен бөлүнгөн 3 камерадан турат. Каптал мореналары кар чегинен башталат. Этегинде бардык мореналар кошулуп, мөңгүнүн «тилинин» учун кууш дого сымал курчайт. Мөңгүлөрдөн башталган суу Мүдүрүмгө сол тараптан куят.

Колдонулган булак түзөтүү