Назира Айтбекова

Кыргызстандык актриса жана журналист

Назира Айтбекова (7-ноябрь, 1985; Балыкчы, Кыргыз ССРи) — Кыргызстандык актриса, телеалпаруучу. 2012-жылы Кыргызстанда эң көп рейтингге ээ болгон “Аалам сырлары” реалити-шоунун автору.

Назира Айтбекова
Төрөлгөндөгү ысымы:

Айтбекова, Назира Темирбековна

Туулган датасы:

7 -ноябрь 1985(1985-11-07) (38 жаш)

Туулган жери:

Балыкчы, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

Актриса, Журналистка

Карьерасы:

2005 — азыркы учурда

IMDb:

ID 10681295

Өмүр баяны түзөтүү

Назира Айтбекова 1985-жылы 7-ноябрда Фрунзе шаарынын Аламүдүн районунда (азыркы Бишкекте) советтик орто үй-бүлөдө туулган. Апасы – Дөөлөтбаева Нургүл (1964), Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун бүтүрүүчүсү, Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаарынын Маданият башкармалыгында комузчу болуп иштеген. Атасы – Темирбек Айтбеков (1961), ошол эле шаардагы СССР Куралдуу күчтөрүнүн аскер гарнизонунун аскер оркестринде иштеген. Назира үй-бүлөдө жалгыз бала, кыз тогуз жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен[1].

1992-жылдан 1994-жылга чейин Балыкчы шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №10 мектепте окуган, 1994-жылдан 1997-жылга чейин Саякбай Каралаев атындагы мектепте, 1997-жылдан 2002-жылга чейин В.Ленин атындагы гимназияда билим алган. Назира Айтбекова мектепти артыкчылык диплому менен аяктаган[1].

Эл аралык Ала-Тоо университетинин филология факультетине өткөн (ал кезде университет “Ататүрк Ала-Тоо” деп аталчу). Беш жыл бою бюджетик бөлүмдө окуган[1].

Эмгек жолу түзөтүү

Журналистика түзөтүү

  • Назира эмгек жолун телеалпаруучу болуп баштаган. 2005-жылы студент кезинде эле кастингге катышып, “Хит-парад”программасынын алып баруучусу болгон. Ал жерде эки жыл иштеген.
  • 2007-жылы бир канча убакыт КТРКда журналист жана жаңылыктар берүүсүнүн диктору болгон.
  • 2008-жылдан 2009-жылга чейин “Браво” оюн-зоок программасын алып барган.[1]
  • Назира Айтбекова 2007-2008-жылдары “Ала-Тоо”университетинин проректорунун маданий иш-чаралар боюнча жардамчысы болгон.
  • 2012-жылы КТРКнын директору Асыл Апасованын олуттуу колдоосу менен Назира “Аалам сырлары” теледолбоорун демилгелеген. [2] Archived 2013-01-17 at the Wayback Machine Бул долбоор “Экстрасенстер кармашы”(“Битва экстрасенсов”) берүүсүнүн аналогу эле. Бул долбоордо катышуучулар өз жөндөмдүүлүгүн сынашкан. “Аалам сырлары” 2012-жылы Кыргызстанда эң көп рейтинг алган долбоор болуп калды. Ошол эле жылы Назира КТРКнын Ардак грамотасы менен сыйланган. Конституцияга ылайык Кыргызстан ынаным эркиндигин берген светтик өлкө экенине карабай, бул долбоор өлкөдөгү диний уюмдардын нааразычылыгын жаратып, алтургай радикалдык чакырыктарга чейин жеткен.[3](жеткиликсиз шилтеме)
  • 2012-жылдын аягында Назира Айтбекова көп нускалуу жергиликтүү “Супер-Инфо” гезитинин “Тамаша” түрмөгүнүн алкагында редакция жалдаган аткаруучулар тарабынан уурдалып, кордук көргөн. Редакция Назираны тамашага салганын ырастаганы менен, көптөгөн күбөлөрдүн жана Назиранын кесиптештеринин, өзүнүн дакөрсөтмөлөрү боюнча, бул иш-аракеттер аны коркутуу жана психологиялык запкы көрсөтүү максатында атайын жасалган. Жыйынтыгында Айтбекованын үй-бүлөсү гезиттин редакциясынын үстүнөн арыз жазып, кылмыш иши козголгон.[4]
  • Назира Айтбекова катышкан эл аралык долбоорлор:
  • Түркиянын “ТРТ Аваз” телеканалында “Ата-Журт”, “Жаңы Ата-Журт”, “Конугумуз синема” долбоорлорун жетектеген.
  • “Ысык-Көлдө Кадыр түн”, “Мейкин Азия”, “Евразия Жылдызы”, “Астана Архау” эл аралык фестивалдарын алып барган.
  • Назира “Түрк дүйнөсү” бирикмесинин Кыргызстандагы журналисттеринин өкүлү.[5]
  • Актриса блогер катары да белгилүү. Анын “Инстаграмдагы” баракчасына 900 миңден ашуун адам жазылган. Блогер катары “Жөн эле ойлор” деген түрмөктүн алдында жазган посттору менен таанылган. Посттору окурмандардын жүрөгүнөн оорун алып кийин "Жөн эле ойлор" китеби басылып чыккан.
  • 2021-жылдын декабрь айында Назира Айтбекова “Инстаграмдагы” баракчасына эки ачык сүрөтүн жарыялаган. Бул сүрөттөр социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштаган. Айрым колдонуучулар аны чагымчыл пост үчүн айыпташса, башкалары, тескерисинче, кайраттуулугу үчүн колдошкон.[6]

Кино түзөтүү

  • Назира Айтбекова кинодогу карьерасын режиссер Мырза Айдаралиев тарткан “Стоп трафик”[7] Archived 2016-08-29 at the Wayback Machine (2008) тасмасынан баштаган – бул тасмадагы эпизоддордун биринде Назира модель кыздын ролун аткарган. Ошол маалда Назира Бишкектеги Карина Ахматалиеванын жетекчилиги алдындагы “East Models” моделдер мектебинде окуусун аяктап жаткан.
  • Назира 2011-жылы “Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем”тасмасында башкы ролду ойногон. Тасманын режиссеру – Динара Эсенгулова, продюсери – Ырыс Жоомартова. Бул тасмада Назира шамдагай, боорукер жана камкор Рахаттын образын жараткан. Тасма өлкөнүн кинотеатрларында көп көрүлгөн тасмалардын тизмесине кирген.[8]
  • Ошол эле жылы Назира режиссёр Тилек Чериков тарткан “Көк-Салкын” тасмасында ойногон. Бул тасмада ал башкы каарман – Бакыттын сүйлөшкөн кызынын ролун аткарган. Бул тасма да прокат боюнча ийгиликтүү улуттук тасмалардын тизмесине кирген.
  • 2012-жылы Назира Кыргызстандагы режиссёрдук иштин мэтри Эрнест Абдыжапаровдун режиссёрдук курсунан өтүп, “Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем - 2” тасмасынын уландысына тартылган. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Назира Айтбекова Эрнест Абдыжапаровдун мастер-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнүн бешинчи кинофестивалында аялдын ролун аткарган мыкты актриса наамына ээ болгон. Бул тасма да өлкөнүн кинотеатрларында көп көрүлгөндөрдүн тизмесине кирген.[9]
  • 2017-жылы актриса “Эл эмне дейт?” скетч-шоусуна катышкан, ал эми 2020-жылы “Кошунаны тандабайт” сериалына тартылган.[10]
  • 2011-жылдан 2016-жылга чейин Назира “Китептер дүйнөсүнө саякат” мультфильминде жомоктогу каарман –Чыпалак баланын үнүн коштогон.
  • Учурда Назира тасмаларга, сериалдарга тартылып жүрөт. Мындан тышкары, ал өзүнүн Ютуб-каналы үчүн Кыргызстандын саясий жана маданий ишмерлери менен маек куруп, мамлекеттик жана жеке иш-чараларды алып барат.

Жеке жашоосу түзөтүү

2008-жылы 8-апрелде актриса беш жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Искендер Шаршеевге турмушка чыккан. Тогуз жылдан кийин Искендер менен Назира ажырашыпкетишкен, Ариет аттуу уулу бар. Назира ата-баланын мамилесине эч качан тоскоол болбогонун жана муну кийин да жасабай турганын айтты. “Ал каалаган убакта келип,уулу менен көрүшө алат, бул атасынын каалоосунан гана көз каранды”, - деп түшүндүрдү актриса.[11]

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

КТРКнын 2012-жылдагы мыкты долбоору – “Аалам сырлары”

2012-жылдын мыкты актрисасы, режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классынын бүтүрүүчүлөрүнүн V кинофестивалы

Тасмаграфиясы түзөтүү

Жылы ​ Тасманын аталышы   Аткарган ролу
2009​  ​ “Стоп Трафик”​ Фотомодель
2011​  ​ “Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем” Рахат (Рашка)
2011​   “Көк-Салкын”​         Каныкей
2012​     “Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем - 2”   Рахат (Рашка)
2017​   Эл эмне дейт?”​   Алып баруучу
2020 Кошунаны тандабайт”​     Жаркынай
2021 Алтын кошуналар”​
(Кошуналар кинодо)
Жаркынай

Эскермелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү