Нанайлар (нан. Нанай, Нани, Хедзэни) эскиче аты – гольддор, өздөрүн нанай, нани деп аташат в—Орусиядагы эл. Орусиянын Хабаров жана Приморье кырларында, ошондой эле Кытайда да жашашат. Алардын түпкү жери Нанай району.

Хежэ (Нанай) үй бүлөсү.

Негизги маалымат түзөтүү

Жалпы саны 17 миң киши (2002). Нанай жана орус тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери православныйлар, бирок шамандык ырым-жырымдарын сактап калган. Нанайлардын этностук негизин байыркы амур калкы жана түрк, тунгус тилдүү жана башка ата-бабалары түзгөн. Нанайлар дубалы жыгачтан тургузулган үйлөрдө жашашып, балыкчылык, аңчылык жанакол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Итти унаа катары пайдаланышкан. Баалуу аң-терилерди кездемеге, унга, тарууга жана башка алмашкан. Нанайлар аң-терилерден даярдалган кийим кийишкен. Тамак-ашы – негизинен балык азыктары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү