Науру

Науру Республикасы

Науру (науру Naoero, англ. Nauru), расмий аталышы Науру Республикасы (науру Ripublik Naoero, англ. Republic of Nauru), мурунку аталышы Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island) — Тынч океанынын батышындагы, ушундай эле аталыштагы аралда жайгашкан кичинекей мамлекет. Аянты 21,3 км². Калкы 2023-жылдын маалыматтары боюнча 11,065 адам[1][2], алардын 60% науру.

Науру Республикасы
науру Ripublik Naoero
англ. Republic of Nauru

Герб
Туу Герб
Урааны: «God’s Will First (Кудайдын эрки — баарынан жогору)»
Гимн: ««Nauru Bwiema»
(«Науру ыры»)
»
Эгемендүүлүк күнү 31-январь 1968-жыл

Улуу Британиядан, Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан)

Расмий тили Науру тили, англис тили
Борбор шаары Жок (де-юре)
Ярен (де-факто)
Ири шаарлар Ярен
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Парламенттин төрагасы
Дэвид Аданг
Маркус Стивен
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
193-орун - дүйнөдө
21,3 км²
0,57
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

11,065 адам (227-орун)
480 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

132 млн. $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

133 млн. $
10,125 $
АДӨИ  0,696 (орточо) (122-орун)
Этнохороним наурулук, наурулуктар
Акча бирдиги Австралия доллары (AUD)
Домени .nr
ISO коду NR
ЭОК коду NRU
Телефон коду +674
Убакыт аралыгы UTC +12:00

Расмий тили — науру жана англис тилдери. Көбүнчө христиандар. Өкмөт жана мамлекет башчысы - президент.

Этимология түзөтүү

 
Наурулар. 1914-жыл

«Науру» сөзүнүн келип чыгышы жөнүндөгү так маалыматтар жок. 1909-1910-жылдары аралга келген немис профессору Пол Хамбрух бул сөздүн этимологиясына төмөдөгүдөй түшүндүрмө берген: «Naoero» атылышы анын пикири боюнча «a-nuau-a-a-ororo» (азыркы эрежелер менен жазылышы «A nuaw ea arourõ») сөзүнүн кыскартуусу болуп саналат, кыргыз тилине которгондо «мен деңиз жээгине барам» деген маанини билдирет[3]. Бирок, Науру аралында 30 жылдан ашык жашаган жана науру тилин терең изилдеген немис католик миссионери Алоиз Кайзер бул чечмелөөнү туура эмес деп санаган, анткени жергиликтүү тилде негизги этиш менен колдонулган «деңиз жээги» деген сөздөн кийин «ылдый» деп которулган кошумча «rodu» сөзү колдонулушу керек[4]. Наурулуктар өздөрү «деңиз жээги» деп аралдын эң жапыз жерин түшүнүшөт, бул сөз кургактыкка да, деңизге да карата колдонула берет. Хамбрухтун «rodu» деген сөздү, этимологиянын маанисин түшүндүрүүдө эске албагандыгы анын божомолдорунун негизсиз экендиги жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет[5].

Аралдын башка аталыштары да бар: англиялык колонизаторлор 1888-жылга чейин Науруну Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island)[6], немистер «Nawodo» или «Onawero» деп аташкан[7]. Кийинчерээк европалыктар өлкөнүн атын туура жазуу жана окуу максатында «Nauru» сөзүнүн жазылышын «Naoero» деп өзгөртүшкөн.

Тарых түзөтүү

 
1880-жылдардагы жарандык согушка катышкан Науру жоокеринин сүрөтү

Науру аралына болжол менен 3 миң жыл мурун микронезиялыктар жана полинезиялыктар келип отурукташышкан. Бир версияга ылайык, Науруга биринчи көчүп келгендер Бисмарк аралдарынан келишкен жана меланезиялыктар, микронезиялыктар жана полинезиялыктар болуп бөлүнгөнгө чейин эле океандык этностун өкүлдөрү болушкан[8]. Салты боюнча, аралдыктар өздөрүнүн ата-тегин эне тарабы боюнча эсептешкен. Европалыктар келгенге чейин Науру аралынын калкы 12 уруудан турган[9]. Бул тарыхый уруулар Науру Республикасынын азыркы желегинде жана гербинде он эки бурчтуу жылдыз катары чагылдырылат.

Европалыктардын арасында биринчи болуп Науруну 1798-жылы 8-ноябрда Жаңы Зеландиядан Кытайга сүзүп бара жаткан англиялык капитан Жон Фирн ачкан жана кийинки 90 жыл бою колдонулган Жагымдуу арал (англ. Pleasant Island) деген аталыш менен атаган[10].

Физикалык жана географиялык мүнөздөмө түзөтүү

Географиялык абал түзөтүү

 
Наурунун картасы

Науру аралы Тынч океанынын батыш тарабында экватордон 42 км алыстыкта жайгашкан. Жакынкы арал Банаба (Ошен) — Наурудан 288 чакырым алыстыкта, чыгыш тарабында жайгашкан жана Кирибати Республикасына таандык. Өзгөчө экономикалык жээк аймагынын аянты — 308,480 км²[11], анын 570 км² аянты аймактык сууларга туура келет. Кирибати жана Маршалл аралдары менен чектешет — өлкөнүн чек аралары өзгөчө экономикалык аймактардын чектери менен өтөт[12].

Науру аралы — жанар тоонун чокусунан көтөрүлгөн шуру (коралл) атоллу болуп саналат. Аралдын формасы сүйрү, чыгыш жээги аралдын ичин көздөй ийри келип Анибар булуңунун суулары менен чулганып турат.

Аралды курчап турган коралл рифи аркылуу жээкке оңой сүзүп өтүү үчүн бир нече каналдар жасалган. Аралдын жалпы аянты — 21,3 км²[11], узундугу — 6 км, туурасы — 4 км. Жээк тилкесинин узундугу — 18 км[9]. 65 метрге (кээ бир маалыматтар боюнча, 61-71 метр) жеткен эң бийик жери — Айво жана Буада округдарынын чек арасында жайгашкан[9][11]. Океандын тереңдиги аралдын жээгинен бир чакырым алыстыкта 1000 метрден ашат. Бул жерде суу астында жайгашкан тик жарлар орун алышкан.

Аралдын бети — борбордук бөлүгүндө бийиктиги 30 метрге чейин жеткен акиташ дөңсөлөрү жана аны курчап турган кууш, туурасы 100-300 метрге жеткен дениз жээгинде жайгашкан түздүктөн турат. Дөңсөлөрдүн курамы, деңиз канаттууларынын экскременттеринен пайда болгон фосфориттерден (науриттерден) турган.

Арал туурасы болжол менен 120-300 метр болгон кууш шурулуу рифтер менен курчалган. Бул рифтер аркылуу кичинекей кайыктарга аралдын жээгине түз жетүүгө мүмкүндүк берген 16 канал казылган[11].

Науру Тынч океанындагы үч чоң фосфариттерге бай шуру (коралл) атоллдорунун бири болгон. Азыркы учурда Наурудагы фосфариттердин запастары дээрлик толугу менен казылып алынган жана борбордук бөлүгүндө фосфариттерди казуу иштеринин натыйжасында 15 м бийиктиктеги акиташ чокулары калган. Кен казуу Наурунун жер аянтынын 80% жашоо үчүн жараксыз кылган жана жаратылышка орду толгуз зыян алып келген[13]. Фосфориттердин жана аны казып алуудан чыккан калдыктардын океанга түшүсүнүн себебинен, аралдын айланысында жашаган деңиз жандыктарынын 40% толугу менен жок болуп кеткен деп божомолдонууда[14][15].

Климат түзөтүү

Наурунун климаты экватордук муссондук, ысык жана нымдуу. Абанын орточо температурасы болжол менен +27,5 °С. Күндүзү абанын температурасы +26 °C — +35 °С чейин өзгөрүлүп турат, ал эми түнкүсүн +22 °C — +28 °С тегерегинде[16]. Күндүзгү абанын температурасы +38-41 °С чейин житиши ыктымал. Жылдык орточо жаан-чачындын өлчөмү - 2060 мм. Кээде кургакчыл жылдар да болуп турат, ал эми кээ бир жылдары жаан-чачын 4500 ммге жетет[11]. Жаан-чачындуу мезгил ноябрдан февралга чейин созулат. Марттан октябрга чейин түндүк-чыгыш шамалы басымдуулук кылат. Жыл сайын аралга болжол менен 30 миллион м³ суу жаан-чачын түрүндө жаап турат, бирок жаан-чачындарга карабастан жер үстүндөгү агын суу жок.

Науру Өкмөтү глобалдык жылуулуктан кооптонууда, арал дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшүнүн фонунда суу каптоо коркунучунда турат. Ошондуктан республика биринчи кезекте БУУ аркылуу дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн ушул көйгөйгө бурууга аракет кылуу менен алек[17].

Ярен шаарынын аба ырайы
Көрсөткүч Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Үчт Бир Жыл
Абсолюттук максимум, °C 34 37 35 35 32 32 35 33 35 34 36 35 37
Орточо максимум, °C 30 30 30 30 30 30 30 30 30 31 31 31 30
Орточо минимум, °C 25 25 25 25 25 25 25 25 25 25 25 25 25
Абсолюттук минимум, °C 21 21 21 21 20 21 20 21 20 21 21 21 20
Булак: [1]

Геология түзөтүү

Аралдын ички аймагында фосфат тоо тектерин казып алуудан кийин калган ири акиташ калдыктары жана арсактары жайгашкан. Бул калдыктардын бийиктиги айрым жерлерде 10 метрден ашат, ал эми карьердин өзү көптөгөн чуңкурлары жана ойдуңдары бар чоң лабиринт сымал. Казылып алынган фосфат тектерин аралдын портуна жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн атайын тар темир жолу курулган. Акиташ калдыктары төгүлгөн аянтчаларда топурактын жок болгондугунун себебинен, жааган жаа-чачын тоо тектерге сиңип кетет.

Суу ресурстары (гидрология) түзөтүү

Науру аралында дарыялар жок. Аралдын түштүк-батыш бөлүгүндө жамгыр суулары аркылуу толуктанып турган кичинекей, аз туздуу Буада көлү жайгашкан. Анын деңгээли Науруну курчап турган океандан 5 метр жогору.

Аралдын тургундарынын көйгөйлөрүнүн бири — таза суунун жетишсиздиги. Өлкөнүн калкынын санынын өсүшүнүн фонунда бул маселе жыл сайын курчуп баратат. Аралда бир гана океан суусун тузсуздандыруучу завод бар, ал Наурудагы жалгыз электр станциясы иштеп чыккан электр энергиясы менен иштейт. Бирок, электр энергиясынын баасы өтө жогору болгондуктан, тузсуздандыруучу завод көп учурда өз ишин токтотот[16]. Жаан-чачын учурунда калк сууну атайын идиштерге чогултуп, андан ары аны турмуш-тиричилик муктаждыктарына, бакчаларды сугарууга жана малдарына пайдаланышат. Кургакчылык мезгилинде Австралиядан атайын кемелер менен ичүүчү суу алынып келинет[16].

Ярен округунда Мокуа үңкүр системасы менен байланышкан кичинекей жер астындагы Мокуа-Вел көлү жайгашкан. Океан жээгинен алыс эмес, Июв жана Анабар округдарынын чек арасында, бардык тараптарынан кургактык менен курчалган жана океан менен туташкан кичинекей көлдөрдүн тобу бар.

Топурак түзөтүү

Науру аралынын жээгиндеги топурак катмары өтө жука — болгону 25 сантиметр, топурактын курамы коралл жана шагыл калдыктарынан турат. Борбордук дөңсөлөрү негизинен, органикалык, кумдан же аз фосфаттуу доломиттен турган акиташтан турат[17]. Айдоого ылайык жер катмарынын калыңдыгы болжол менен 10-30 см гана түзөт[17].

Жапайы жаратылыш түзөтүү

Саясий түзүлүш түзөтүү

Мамлекеттик символика түзөтүү

Науру Республикасынын мамлекеттик желеги, герби, гимни жана конституциясы 1968-жылы кабыл алынган жана бекитилген[18].

Мамлекеттик түзүлүш түзөтүү

Науру — көз карандысыз республика[19]. Башкаруу формасын 1968-жылдын 28-январында (толуктоолор 1968-жылдын 17-майында киргизилген) кабыл алынган Конституциясы президенттик башкаруу формасынын айрым өзгөчөлүктөрүн камтыган парламентаризм деп аныктайт[20].

Мыйзам чыгаруу бийлиги түзөтүү

 
Наурунун Парламентинин имараты

Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы — 3 жылдык мөөнөткө шайланган 19 депутаттан турган бир палаталуу парламент. 2013-жылга чейин депутаттардын саны 18 болгон. Парламент мүчөлөрүн шайлоо тартиби Наурунун Конституциясы менен аныкталат[20].

Депуттарды шайлоо жалпы элдик шайлоо болуп саналат жана жашы 20 жеткен Наурунун жараны гана депутат боло алат. Парламент депутаттары кызматын ант берүү аземи менен баштайт. Спикер мөөнөтү бүткөнгө чейин өлкөнүн президенти менен кеңешип, парламентти таркаткан учурда депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулушу мүмкүн[20].

Биринчи жыйында парламент мүчөлөрү парламенттин спикерин жана анын орун басарын шайлашат, андан кийин 19 депутаттын арасынан өлкөнүн президентин шайлоого өтүшөт[20].

Аткаруу бийлиги түзөтүү

 
Наурунун биринчи президенти Хаммер Де-Робурт (ортодо)

Президент — Наурунун мамлекет жана өкмөт башчысы болуп саналат. 2023-жылдын 11-июнунан тартып өлкөнүн парламенти эксперимент катары президент менен премьер-министрдин кызматтарын бөлүү чечимин кабыл алган[21].

Президентти жана премьер-министрди шайлоонун тартиби Наурунун Конституциясынын беренелеринин талаптары менен аныкталат. Парламенттин мүчөсү гана президент болуп шайлана алат. Шайлоо парламенттик шайлоодон кийин дароо парламенттин жыйынында өтөт. Президенттикке талапкер добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алган учурда шайланды деп эсептелет. Президенттин мөөнөтү 3 жыл, бир адам бир эле учурда Президенттин жана парламенттин мүчөсүнүн кызматын ээлей албайт. Президенттин ыйгарым укуктар мөөнөтү бүткөнгө чейин кийинки себептерден улам токтолушу мүмкүн: өз калоосу менен кызматтан кеткенде, ден-соолугуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда же кызматтан четтетилгенде (импичмент жарыяланганда).

Президентти кызматтан четтетүү үчүн парламенттин бардык депутаттарынын жарымынан кем эмеси добуш берүүгө тийиш. Президентке импичмент жарыялангандан кийин президенттик шайлоо дайындалат. Эгерде парламент президентти кызматтан кетирүү чечимин кабыл алгандан кийин жети күндүн ичинде президент шайланбаса, парламент автоматтык түрдө таркатылат[18].

Президент парламенттин курамынан 6дан ашпаган жана 5тен кем эмес министрлерден (президентти кошкондо) турган Министрлер Кабинетин дайындайт. Министрлер кабинети — бул өлкөнүн парламентинин алдында жамааттык жоопкерчиликти алган аткаруучу орган. Мыйзамда белгиленген тартипте президент өзгөчө абалды киргизет, жаза алгандарга ырайым кылуу маселелерин чечет, Жогорку соттун төрөгасын жана мүчөлөрүн дайындайт. Ошондой эле, Жогорку соттун макулдугу менен райондук соттордун дайындайт[18].

Сот бийлиги түзөтүү

Науруда сот бийлиги толугу менен көз карандысыз. Республикада жалпы укук — укуктук система иштейт, анда укуктун булагы катары соттук прецедент таанылат. Жалпы укук мыйзамдардын жана 1971-жылы кабыл алынган мыйзамдардын актысына ылайык (англ. Adopted Laws Act 1971), науру элинин каада-салттары наурунун укуктук системасын түзөт[18].

Наурунун сот тутумуна — Жогорку сот, апелляциялык сот, райондук соттор жана үй-бүлө маселелери боюнча соттор кирет. Наурунун жер комитетинин жарлыгына ылайык (англ. Nauru Lands Committee Ordinance), өлкөдөгү жерге болгон талаш-тартыштарды чечкен жана ал иштерди Жогорку сотко өткөрүп берүү укугуна ээ болгон жер комитети бар.

Наурунун Конституциясынын 48-беренесинин талаптарына ылайык, жогорку соттон жана соттордун тобунан турган Жогорку сот түзүлгөн. . Жогорку соттун төрөгасы жана мүчөлөрү Наурунун Президенти тарабынан дайындалат. Науру Республикасынын Жогорку сотунун төрөгасы жана мүчөлөрү болуп өлкөнүн аймагында 5 жылдан кем эмес адвокат же ушул багытта иштеген жана жашы 65 жаштан ашпаган Науру Республикасынын жарандары гана шайлана алынашат[18].

Көпчүлүк сот менен байланышкан маселелерде Австралиянын Жогорку соту карайт жана чечет[19].

Шайлоо округу түзөтүү

Науру Республикасынын аймагы 8 шайлоо округуна бөлүнөт.

Шайлоо округу Шайлоо округун түзгөн административдик аймактар Парламенттеги округдардын өкүлдөрдүн саны
Айво Айво 2
Анабар Анабар, Анибар, Июв 2
Анетан Анетан, Ева 2
Боэ Боэ 2
Буада Буада 2
Мененг Мененг 2
Убенид Баити, Денигомоду, Нибок, Уабо 4
Ярен Ярен 2

Наурунун 20 жаштан жогорку бардык жарандары шайлоо укугуна ээ. Баардык жарандар добуш берүүгө милдеттүү жана добуш берүү күнү шайлоо участогуна келбей калган жарандар айып салуу менен жазаланышат[22].

Саясий партиялар түзөтүү

Науруда 3 саясий партия каталаган:

  • Демократиялык партиясы
  • Наоэро Амо партисы
  • Борбордук партиясы

Бирок жергиликтүү парламенттин депутаттарынын көпчүлүгү көз карандысыз жана саясий партиялардын мүчөлөрү эмес.

Куралдуу күчтөр жана полиция түзөтүү

 
300pxПолиция кадеттик корпусунун окуучуларынын машыгуусу. 2007-жыл.

Бейрасмий макулдашуу боюнча, аралдын коопсуздугун Австралия камсыз кылат. Наурунун туруктуу аскердик жана куралдуу күчтөрү жок. Аралдагы жалгыз куралдуу түзүм — Наурунун Полиция күчтөрү. Полиция кызматкерлеринин саны 60 адам жана алар ок атуучу куралдар менен куралданышкан[23].

Науруда эң кеңири таралган укук бузуулар — ылдамдык режимин бузуу, жеке менчиктин кол тийбестиги, жеке жана коомдук менчиктин кол тийбестигин бузуу жана велосипед уурдоо болуп саналат[23].


Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер түзөтүү

Науру Республикасы Улуттар Шериктештигинде өзгөчө статуска ээ, ал 1968-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин бул уюмга мүчө болгон. 1999-жылдын майынан 2006-жылдын январына чейин Науру Улуттар Шериктештигинин толук укуктуу мүчөсү болгон[18].

1999-жылдын 14-сентябрынан тартып Бириккен Улуттар Уюмуна 187-мүчөсү болуп кирген[24]. Тынч океан аралдарынын форуму, Африка, Кариб деңизи жана Тынч океан өлкөлөрү ж.б. уюмдардын мүчө болгон.

Науру Республикасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерин түзгөн. Негизги өнөктөштөрү — Австралия, Улуу Британия, Индия, Тайвань, Корея Республикасы, Жаңы Зеландия, АКШ, Таиланд, Филиппин жана Жапония.

2009-жылы 15-16-декабрында Науру Республикасы Россия, Никарагуа жана Венесуэладан кийин Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган дүйнөдөгү төртүнчү өлкө болуп калды[25][26].

Кытай Эл Республикасы жана Кытай Республикасы менен саясий мамилелери түзөтүү

Австралия менен саясий мамилери түзөтүү

ЕБ өлкөлөрү менен саясий мамилери түзөтүү

СССР жана Россия менен саясий мамилери түзөтүү

Административдик-аймактык түзүлүш түзөтүү

 
Наурунун округдарынын картасы

Науру Республикасынын администрациялык-аймактык жактан 14 округга бөлүнөт[27]:

Калк түзөтүү

 

Калктын өсүү динамикасы түзөтүү

Округ 17.04.1992 23.09.2022 30.10.2011
1 Айво 874 1051 1220
2 Анабар 320 378 452
3 Анетан 427 498 587
4 Анибар 165 232 226
5 Баити 450 443 513
6 Боэ 750 731 851
7 Буада 661 673 739
8 Денигомоду 325 292 307
9 Ева 355 397 446
10 Июв 206 169 178
11 Мененг 1389 1323 1380
12 Нибок 577 479 484
13 Уабо 447 386 318
14 Ярен 672 632 747
Науру 9919 10065 10084

Төрөлүү коэффициенти түзөтүү

2011-жылдагы эл каттоонун негизинде аралдын калкы жаш жана тез өсүп жатат деген жыйынтык чыгарса болот. Эл каттоо учурунда жалпы калктын саны 10 084 адамды (5105 эркек жана 4979 аял) түзгөн бул 2006-жылга салыштырмалуу 9233 адамга көп. 2006-жылдан бери калктын саны 9,22% га же 851 адамга өскөн. Калктын санынын орточо жылдык өсүш темпи 1,844% же башкача айтканда калктын өсүшү жылына 170 адамдын чегинде. Бирок, азыркы учурда калктын өсүү көрсөткүчү 1,8% бир топ жогору жана калктын саны жылына болжол менен 300 адамга өсөт[28].

Төрөлүүнүн жалпы коэффициенти
2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009 2010 2011
3,025 2,515 3,050 2,430 2,340 2,115 2,520 3,240 3,725 4,225

Өспүрүмдөрдүн арасындагы төрөт көрсөткүчү өтө жогору, 15-19 жаштагы төрөгөндөрдүн көрсөткүчү боюнча 81 аялга 1000 балага туура келет.

Жыл Төрөлгөндөр Өлгөндөр Калктын табигый өсүшү
2002 255 91 164
2003 212 76 136
2004 253 75 178
2005 194 80 114
2006 190 88 102
2007 171 74 97
2008 206 84 122
2009 273 57 216
2010 322 69 253
2011 370 75 295

Жашоо узактыгы түзөтүү

 
Жашоо узактыгы

2007-2011-жылдар аралыгында жашоонун узактыгы эркектер үчүн 57,5 жашты жана аялдар үчүн 63,2 жашты түзгөн. Эркектер үчүн жашоо узактыгы өзгөргөн жок, ал эми аялдар үчүн жашоо узактыгы 5 жылга узарды[28].

Саны жана жайгашуусу түзөтүү

 
Наурудагы айыл. 1986-жыл

Калктын жыштыгы — 473,43 адам/км². Аралдын аймагында Австралияга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган качкындар лагери жайгашкан, 2016-жылдын июнь айынын аягында бул лагерге 442 адам (анын ичинде 338 эркек, 55 аял жана 49 жаш бала) жайгаштырылган. Качкындардын көпчүлүгү Ооганстан, Иран жана Ирактын жарандары[29].

1968-жылы, Науру эгемендүүлүгүн жарыяланда калкынын саны 6 миңден ашык (1966-жылы калкынын саны 6057) адам болгон.

Науруда төрөлүү 1000 адамга - 24,47, өлүү 1000 адамга - 6,65, ал эми калктын табигый өсүшү 1,781% деп бааланат[30]. 2007-жылы ымыркайлардын өлүмү 1000 адамга 9,6 ымыркай деп көрсөтүлгөн.

2007-жылы 15 жашка чейинки балдардын саны калктын - 37,8% (3813 адам), 15 тен 60 жашка чейинки курактагы адамдардын саны калктын - 59,3% (5983 адам), 60 жаштан өткөндөрдүн саны калктын - 2,9% (287 адам) түзгөн. 2011-жылы эркектердин орточо жашоо узактыгы 65 жашты, аялдардыкы 75 жашты түзгөн[28].

 
Денигомоду жана Нибок округдарындагы элдин отурукташышы

Аралдын расмий борбору жана шаарлары жок. Президенттин резиденциясы Мененг округунда, ал эми мамлекеттик органдар жана парламент Ярен округунда орун алышкан. Аралдын калкы океан жээгинде жага Буада көлүнүн айланасында орун алышкан.

Калктын саны (адам)[19][30][28]
1921 1933 1947 1954 1961 1966 1977 1983 1992 2000
2066 2641 2855 3473 4613 6057 6966 7674 9919 10123
2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009 2010
10106 10064 9871 9668 9456 9233 9373 9570 9771 9976
2011 2013 2015 2016 2019
10084 10500 10900 10800 11550

Жыныстык жана курактык түзүм түзөтүү

 
2011-жылга карата Наурунун жыныстык жана курактык түзүмү

2011-жылы катталган туруктуу калктын саны 5105 эркек жана 4979 аялдан турган. Эркектер аялдардан 126 адамга көп болушкан, башкача айтканда 100 аялга 103 эркек туура келген[28].

Жыл Курак (%) Орточо курак 100 аялга туура келген

эркектердин саны

0-14 15-24 25-59 60+
1992 43 17 38 3 19,4 105
2002 39 20 39 3 20,7 104
2011 38 19 40 3 21,5 103

Этникалык курам түзөтүү

Науру калкынын курамы негизинен тоо-кен өнөр жайынын ишмердилүүгүнө байланышкан. 1930-жылдары шахталарда иштөө үчүн жумушчулар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келишкен. Алгачкы билдирүүлөргө караганда, 1939-жылы чет элдик жарандардын саны жергиликтүү калктын санына барабар. 1977-жылы калкынын 60% чет элдиктер жана 40% жергиликтүү калк болгон. Чет элдиктердин санынын көрсөткүчү 1992-жылы жалпы калктын санынын 70% чейин көбөйгөн. 2006-жылы фосфат казып алуу тармагынын кыйрашынан улам эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн массалык чыгуусунун натыйжасында, жалпы калкытын санындагы чет элдиктердин үлүшү 6% га чейин кыскарган. Наурунун фосфат өнөр жайы, соода жана тышкы экономиканы стимулдаштырууну улантууда жана келечекте калктын этникалык курамына түздөн-түз таасирин тийгизиши мүмкүн[28]. Науру калкынын болжол менен 91% же 9031 адам республиканын түпкү эли - наурулуктар.

Науру калкынын жалпы санынын — 4% Тынч океандын башка аралдарынан келгендер (негизинен фижиликтер жана тунгаруандар), 1,6% (161 адам), 1,5% (151 адам) кытайлар түзөт. Өлкөнүн калкынынын курамында чет өлкөлүк жарандардын үлүшү жогору.

Тилдин негизинде наурулуктар микронезия элдеринин тобуна кирет, бирок бул улуттун түптөлүшүнө микронезиялыктар гана эмес, полинезиялыктар жана меланезиялыктар да таасирлеринин тийгизишкен[31].

Тил түзөтүү

Наурулуктар микронезия тилдеринин бири болгон науру тилинде сүйлөшөт. 1968-жылга чейин Науру Республикасы Австралия, Улуу Британия жана Жаңы Зеландиянын биргелешип башкарган аймагы болгондугуна байланыштуу англис тили, науру тили менен бирге мамлекеттик тил болуп саналат. Кытай соодагерлери менен карым-катнаш жүргүзүүдө, жергиликтүү калк тарабынан наурулук англис пижини күн сайын колдонулунат[32].

Науру тилинин алфавити латын алфавитинин негизинде түзүлүп жана 17 тамгадан турган. Кийин, башка тилдердин, айрыкча немис, ток-писин жана кирибати тилдеринин таасиринен улам, алфавит 28 тамгага чейин кеңейтилген. Науру тилинин окуу китебин жазган католик миссионери Алоис Кайзер, ошондой эле Германиядан чыккан америкалык протестант миссионери Филипп Делапорт бул тилдин өнүгүүсүнө ири салымдарын кошушкан.

Дин түзөтүү

Наурунун калкы негизинен христиан диндерин карманышат. Наурулуктардын көбү (60,5% же 6098 адам) протестанттык чиркөөлөрдүн мүчөлөрү, анын ичинен 35,2% (3552 адам) Мененг, Буада, Анабар жана Нибок округдарында чиркөөлөрү бар Науру конгрегационалистик чиркөөсүнүн жолдоочулары. Бул агымдын негизги чүркөөсү Айво округунда жайгашкан. Кудай Ассамблеясы агымынын жолдоочулары — 12,8% же 1291 адам), Науру көз карандысыз чиркөөсүнүн өкүлдөрү — 9,4% же 945 адам. Өлкөдө адвентисттер, баптисттер жана жахабанын күбөлөрү да бар[28].

Наурунун тургундарынын болжол менен 32,5%  же 3278 адамы католик чиркөөсүнүн жолдоочулары, алардын Ярен округунда өзүнүн чиркөөсү, ошондой эле Ева округундагы мектеби (Кайзер колледжи) бар. Наурунун жашоочуларынын болжол менен 5% буддизм жана даосизм, 2% бахаизм диний агымдарын карманышат. Наурулуктардын чакан тобу Эижебонг (Eijebong) пирине жана Буитани (Buitani) аттуу аралдын рухуна сыйынууну камтыган салттуу ишенимдерди карманышат[28].

Өкмөт айрым диний конфессиялардын ишин чектейт, мисалы Иса Машаяктын азыркы чиркөөсү жана жахабанын күбөлөрү. 1979-жылы Науруга Маршалл аралдарынан жахабанын күбөлөрүнүн миссионери барган соң дароо эле депортацияланган[33].

1995-жылы диндерге болгон чектөөлөрдүн бир бөлүгү алынып салынган[33].

Экономика түзөтүү

Экономиканын негизи - фосфориттерди казуу жана экспорту (чамасы жылына 2 миллион тонн). Элдеги ар бир кишиге кирешеси боюнча (13 миң АКШ доллары) Науру дүйнөдө эң бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Фосфориттер чыккан жерди калыбына келтирүү үчүн атайын каржы фонд ачылган. Чет өлкөлөргө инвестицияларынын көлөмү жылына 1,2 млрд жакын. Кокос пальмаларды айдашат. Балыкчылык. Тышкы соода байланыштар Австралия, Жаңы Зеландия жана Жапония менен. Акча единицасы - австралиялык доллар.

Акча жана каржы системасы түзөтүү

Наурунун акча бирдиги болуп австралия доллары саналат. 2001-жылы аралдагы инфляциянын деңгээли 4% жекен (бул негизинен дүйнөлүк рынокто мунайдын баасынын жана аны ташууга кеткен чыгымдардын жогорулашына байланыштуу). 2000-жылы мамлекеттик бюджеттинин тартыштыгы 10 миллион австралия долларын же өлкөнүн ИДП болжол менен 18% түзгөн. 2000-жылга карата мамлекеттик карызы 280 миллион австралия долларын түзгөн[11].

XXI кылымдын башында Науру Өкмөтү фосфориттердин экспортунун төмөндөшүнөн улам каржы жаатында көптөгөн көйгөйлөргө туш болгон. Бул кризистин натыйжада, 2002-жылы өлкө айрым кредиторлорго болгон карызын убагында төлөй албай калган. Өкмөт бюджеттин тартыштыгын жана роялти төлөмдөрүн жабууда Науру банкынын каржы булактарына таянууну улантып келет.

Науруда сатуудан салык алынбайт, бирок бир катар товарлардан бажы төлөмдөрү алынып турат, бажы төлөмдөрүнүн эрежелери жана суммасы мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Тамекиге жана алкоголго салык салынбайт[34].

Айыл чарба түзөтүү

Жергиликтүү калкты жемиштер менен камсыз кылуу максатында, аралдын жээк тилкесинде банан, ананас, папайя, манго, нан жемиштери, кокос пальмалары өстүрүлөт.

Өнөр жай түзөтүү

Туризм түзөтүү

Транспорт түзөтүү

Байланыш түзөтүү

Тышкы соода түзөтүү

Маданият түзөтүү

Науру аралынын колония айланганга чейинки тургундарынын социалдык уюму түзөтүү

Массалык маалымат каражаттар түзөтүү

Спорт түзөтүү

 
1999-жылы «Линкбелт Овал» стадионунда өткөн австралиялык футбол боюнча беттеш


Майрамдар түзөтүү

Дата Аталышы Англисче аталышы
1-январь Жаңы жыл New Year’s Day
31-январь Эгемендүүлүк күнү Independence Day
Жагымдуу жума Good Friday
Жаркын дүйшөмбү Easter Monday
Жаркын шейшенби Easter Tuesday
17-май Конституция күнү Constitution Day
25-сентябрь Жаштар күнү National Youth Day
26-октябрь Ангам күнү Angam Day
25-декабрь Рождество Christmas Day
26-декабрь Белектер күнү Boxing Day

Азыркы абал түзөтүү

Кен казуунун таасири түзөтүү

Булактар түзөтүү

  1. World Population Prospects 2022: Demographic indicators by region, subregion and country, annually for 1950-2100 (Дүйнөлүк калк 2022: өлкөлөр боюнча демографиялык көрсөткүчтөр (1950-2100 жылдарга карата)) (англисче)
  2. Department of Economic and Social Affairs Population Division (БУУ. Экономикалык жана социалдык иштер департаментинин калктар боюнча бөлүмү) (англисче)
  3. Paul Hambruch. Nauru // Ergebnisse der Südsee-Expedition. — Hamburg: Friedrichsen, 1914  (нем.)
  4. Hermann Joseph Hiery. Die deutsche Südsee 1884–1914. Ein Handbuch. — Schöningh, Paderborn u. a., 2002. — С. 22. — ISBN ISBN 3-506-73912-3 (нем.)
  5. Die Eingeborenen von Nauru (Südsee). — Anthropos. Bd. 12/13, 1917/18. — 315–316.  (нем.)
  6. Honor C. Maude. The String Figures of Nauru Island. — The University of the South Pacifiv Centre in Nauru and Institute of Pacific Studies, 2001. — С. 11. — 199 с. — ISBN 9789820201484. (англисче)
  7. Carl Eduard Meinicke. Die Inseln des stillen Oceans, eine geographische Monographie. — Leipzig: Verlag von P. Frohberg, 1876. — Bd. 2. — 324. (нем.)
  8. Беликов В. И. Происхождение и миграции полинезийцев (по лингвистическим данным). // Пути развития Австралии и Океании: история, экономика, этнография. — М.: Наука, 1981. — 243—254. (Полинезиялыктардын келип чыгышы жана миграциясы) (орусча)
  9. 9.0 9.1 9.2 Энциклопедия Кругосвет. Науру. (Дүйнө жүзү энциклопедиясы. Науру) (орусча)
  10. История Науру (Нуаурунун тарыхы) (орусча)
  11. 11.0 11.1 11.2 11.3 11.4 11.5 Постоянная миссия Республики Науру в ООН (Науру Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү) (орусча)
  12. Catches by Taxon in the waters of Nauru (Өзгөчө экономикалык жээк аймагы) (англисче)
  13. Nauru: From economic goldmine to refugee "hell" (Наурунун экономикалык «бейиштен» «тозокко» чейин баскан жолу) (англисче)
  14. First National Communication. United Nations Framework Convention (БУУ алкактык конвенциясы) (англисче)
  15. State Department Bureau of East Asian and Pacific Affairs. (Чыгыш Азия жана Тынч океан маселелери боюнча АКШ бюросу) (англисче)
  16. 16.0 16.1 16.2 Republic of Nauru. National Assessment Report (Науру Республикасы. Улуттук баалоо отчету) (англисче)
  17. 17.0 17.1 17.2 Науру Республикасынын климаттын өзгөрүүсү боюнча баяндамасы (англисче)
  18. 18.0 18.1 18.2 18.3 18.4 18.5 The Constitution of Nauru (Наурунун Конституциясы)  (англисче)
  19. 19.0 19.1 19.2 Науру Республикасы
  20. 20.0 20.1 20.2 20.3 Науру Республикасынын Конституциясы
  21. Науру Республикасынын президенти (англисче)
  22. Коррупция маселелери боюнча эл аралык баяндама. Науру 2004 (англисче)
  23. 23.0 23.1 The Nauru Police Force (Наурунун полиция күчтөрү) (англисче)
  24. Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү (англисче)
  25. Науру Республикасы Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныды (орусча)
  26. Науру Республикасы Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныды (орусча)
  27. Науру өкмөтү (англисче)
  28. 28.0 28.1 28.2 28.3 28.4 28.5 28.6 28.7 Наурунун калк жана турак жай жөнүндө улуттук отчету (англисче)
  29. Australiens Schreckensinsel für Flüchtlinge (Качкындар үчүн Австралиянын коркунучтуу аралы) (нем.)
  30. 30.0 30.1 Central Intelligence Agency. Nauru. The World Factbook (БЧА. Науру) (англисче)
  31. Игнатьев Г. М. Тропические острова Тихого океана (Тынч океанынын тропикалык аралдары) (орусча)
  32. Pacific Pidgins and Creoles: Origins, Growth and Development (Тынч океандагы пижиндер жана креолдордун келип чыгышы жана өнүгүшү) (орусча)
  33. 33.0 33.1 Наурудагы дин (англисче)
  34. Наурудагы баалар (орусча)

Тышкы шилтемелер түзөтүү