Нейродермит — теринин нерв-аллергиялык оорусу; тери өтө кычышат, кийинчерээк өзгөрөт, анын себептери аныктала элек. Нерв системасынын, ички бездердин, зат алмашуунун бузулушу, тукум куума ооруга жакындык, карын оорулары чоң роль ойнойт. Нейродермиттин таралган (диффузиялык) жана чектелген эки түрү бар. Таралган нейродермит көбүнчө жаш балдарда (2—5 жаштагы) көп кездешет. Буга балдардын экзема, диатез менен оорушу түрткү болот. Көбүнчө бут-колдун салаасы, тизе муундары жана билектин ички бети, моюндун териси кызгылт күрөң тартат, кээде денеде да болушу мүмкүн. Көп тырмангандан теринин ошол жери бара-бара калыңдап, теринин сызыктары ачык-айкын көрүнө баштайт. Түнкүсүн катуу кычышат, кээде майда ириңдүү жаралар пайда болот (Теринин ириңдүү жаралары). Бет, айрыкча ооздун тегереги, көздүн айланасы кызарып, какачтар пайда болуп, эриндердин кычыгында кабырчыктар, кабыктар көбөйөт (Хейлит). Бала ачуулуу болуп, бат чарчайт, уйкусу качып, тамакка табити тартпайт. Чектелген Нейродермит менен көбүнчө чоң кишилер ооруйт. Адегенде моюн, тизеде, балтыр жана жыныс органдарынын тегерегинде жаралар пайда болуп кычышат. Жабыркаган теринин орто жери катуу болуп, кара түскө келет, теринин издери даана билинип, пигменттик тактар көбөйөт, жаранын тегерегинде майда, ар кайсы жерде жылтыраган катуу түйүнчөлөр пайда болот. Оору кайгырганда, өтө чарчаганда, кээ бир тамактарды (апельсин, кулпунай, жумуртка, бал, шоколад жана башкалар) жегенде, алкоголь ичкиликтерин ичкенде кармайт. Оору жай айларында басаңдайт.

Нейродермит
Диффузиялык нейродермит

Симптомдору жана дарылоо түзөтүү

Оорунун белгилери билинери менен врачка көрүнүп, дайыма анын көзөмөлүндө болуу керек. Дарылоо врачтын байкоосунда жүргүзүлөт. Оорулууга жашылча-жемиш, сүт тамактары сунуш кылынат. Туура тамактануу, өз убагында эс алуу бул ооруну дарылоодо маанилүү. Сейилдөө, врачтын сунушу боюнча крахмал, ит уйгак тундурмасы менен ванна (37°) кабыл алуу пайдалуу. Синтездик кездемеден, жүндөн жасалган кийим кийүүгө болбойт. Тырмакты, айрыкча балдардын тырмагын өз убагында алып туруу керек. Курортто дарылануу врачтын уруксаты менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Туура тамактануу, көрсөтүлгөн эрежелерди так аткаруу, денени чыңоо жана өнөкөт ооруларды дарылоо, жакпаган тамактарды ичпөө, тиричиликте аллергия пайда кылуучу заттардан сактануу бул ооруну алдын алууда негизги чара болуп эсептелет.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8