Неореализм – 20-кылымдагы англиялык философиядагы негизги агымдардын бири. Ал Кембриджде пайда болуп, 1903-жылы Ж. Мур, Б. Рассел тарабынан негизделген. Неореализм неогегелянчылыкка, айрым философиялык көйгөйлөрдү спекулятивдик маанайда иштеп чыгууга каршы багытталган. Неореализмдин өкүлдөрү аталган көйгөйлөрдү логикалык анализдин, б. а. табият таануу илимдеринин методдору аркылуу чечүүүгө аракеттенишкен. Философия система катары четке кагылбайт. Философиялык кызыкчылыктардын борборунда логика, туюунун теориясы, биология жана физика турат. Ж. Мурдан сырткары неореализмдин өкүлдөрү болуп С. Александер, Ч. Д. Брод, С. Л. Морган, Н. А. Уайтхед ж. б. эсептелет. А. Айер тарабынан жетектелген неореалисттердин экинчи тобу неопозитивизмге абдан жакын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8