Неофрейдизм – психологияда, психиатрияда, социологияда жана философияда кеңири тараган багыт. Неофрейдизм өкүлдөрүнүн башын бириктирген негизги себептер фрейдизмдин идеяларын, айрыкча фрейдизмдин коомдук көрүнүштөргө карата психологизм жобосун колдоочулук, ошондой эле, З. Фрейддин окуусун социологиялаштыруу багытында кайра өзгөртүп түзүүгө болгон далалат эсептелет. Мындай маанайдагы неофрейдизмдин негизи психоанализ окуусун бөлүп-жарган А. Адлер, О. Ранк, В. Райх, К. Г. Юнг өңдүү ойчулдар тарабынан түзүлгөн. В. Райхтан башкалары Фрейддин биологизмин, сексуалдык детерминизмин жана инстинктивизмин толугу мененчетке кагышкан, аң-сезимсиздик абал-аракетине анчалык жогору баа беришкен эмес. Неофрейдизмдин калыптанышына Р. Бенедикт, К. Дюбуа, Б. Малиновский, Р. Линтон, М. Мил, Э. Сапира, И. Халлоуэл сыяктуу этнологдордун этно-психикалык изилдөөлөрү зор таасир берген. Мисалы, неофрейдизм өкүлдөрү Фрейддин «Эдип комплекси» универсалдуу эместигин далилдеген. Алар мадабият өзгөчөлүктөрүнө толук көз каранды болгон психикалык өзгөчөлүктөр эч өзгөрбөс делсе, адам табияты ийкемдүү (пластикалуу) экенин далилдешкен. К. Хорин АКШда эмиграцияда жүрүп, 1932-жылы Америкадагы нерв оорулуу пациенттер Европадагы ошондой оору менен ооруган пациенттерден түп-тамырынан айырмалана турганын аныктаган. Муну менен Фрейддин инстинкттер тууралуу теориясынан баш тарткан. Неофрейдисттер адам ишмердигиндеги аң-сезимсиз абал-аракет менен эмоциялуу мотивациялар идеясын жактап кала беришкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү