Николай Николаевич Семенов

Николай Николаевич Семенов (3(15)-апрель 1896, Саратов - 25-сентябрь 1986, Москва) - советтик физико-химик, химиялык физиканы негиздегендердин бири.

Николай Семенов.

СССР ИАнын академиги (1932-жылы; 1929-жылдан бери мүчө-корреспонденти),(1956-жылы Сирил Хиншелвуд менен бирге) Химия боюнча Нобель сыйлыгынын жалгыз советтик лауреаты. Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Негизги илимий жетишкендиктери үзгүлтүксүз химиялык реакциялар теориясы, термал жарылуу теориясы, газ аралашмалардын күйүү теориясы болуп саналат. Семенов 1916-жылдан тарта алгачкы иликтеген маселе газдардын иондолушу болгон. 1920-жылдардын башында диэлектриктердин илмек механизми үстүндө иштей баштаган. Мунун жыйынтыгында илмектин термалдык теориясы пайда болгон. Бул теория кийин күйүү жана термал жарылуу теориялары жөнүндөгү эмгектерде өнүктүрүлгөн (1930-жылардын аягы - 1940-жылдардын башы) тутануунун жылуулук теориясына негиз болгон (1928). Аталган теория жалындын таралышы, от алуу, жардыргыч заттардын күйүшү сыяктуу процесстерге баа берүүгө жол ачкан.

1920-жылы П.Л. Капица менен бирге бир кылка эмес магнит талаасындагы парамагниттик атом тутамынын кыйшаюусун эсептеген. 1921-жылы О. Штерн менен В. Герлах ишке ашырган мындай тажрыйба мейкиндик кванттоо жөнүндө түшүнүккө ээ болууга жол ачкан. 1924-жылы Ю.Б. Харитон менен бирге конденсациянын тыгыздыгын жана температурасын байкаган; кийинирээк химиялык реакциянын жүрүү чегин аныктаган критикалык кубулуштар бир катар заттардын кычкылдануусунда байкалган (1926-1928).

Семеновдун бир канча эмгеги катализ процесстерин изилдөөгө арналган: ал ион-гетероген катализ түрүн ачкан, (1955-жылы, В.В. Воеводский жана Ф.Ф. Волькенштейн менен чогуу) гетероген катализ теориясын түзгөн. Семеновдун эң түрдүү багыттар боюнча жетишкен жыйынтыктары практикада кеңири колдонулган.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү