Ноокат аска бетиндеги сүрөттөр

НООКАТ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР – б. з. ч. 1-миң– б.з. 1-миң жылдыгына таандык археологиялык эстелик. Аравансай суусунун оң өйүзүндөгү капчыгайда жайгашкан. Адамдардын, эчки–текелердин, дабан аргымактарына окшош жылкылардын сүрөттөрү жана орто кылымдарга тиешелүү араб жана уйгур жазуулары чегилген.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.