Нуржан Шайлдабекова

кыргызстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын [https

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна (12-сентябрь, 1968, Люксембург айылы, Ысык-Ата району, Чүй облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы, КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары (11.2015 – 06.2016 ж.), Германиядагы Кыргызстан элчилигинин 1-чи катчысы (08.2005 - 05.2006). Мамлекеттик кызматтын III класстагы мамлекеттик кеңешчиси, “Курманжан Датка” орденинин ээси.

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна
Шайлдабекова Нуржан Кармабековна
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы
желек
желек
 28 июнь 2016-жыл
Андан мурунку: Туйгунаалы Абдраимов
 
Туулган жери: Люксембург айылы, Ысык-Ата району, Чүй облусу, Кыргыз ССР
Билими: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Кесиби: юрист, дипломат

Өмүр баяны түзөтүү

1968-жылдын 12-сентябрында Чүй облусунун [Ысык-Ата районундагы] Люксембург айылында туулган.

Билими: түзөтүү

  • 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
  • 1994-жылдын октябрынан тартып 1995-жылдын декабрына чейин Дортмунд атындагы Европалык Изилдөө жана Эл аралык мамилелер институтунда стажировка өткөн.
  • 2004-жылы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолу: түзөтүү

  • 1990-1991-ж.ж. - Окутуучу-стажер, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых кафедрасында лаборант.
  • 1992-1994-ж.ж. - Улуттук илимдер академиясынын саясат жана экономика институтунун аспиранты.
  • 1994-1995-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Эл аралык жана парламенттер аралык мамилелер боюнча комитетинин 1-категориядагы адиси.
  • 1996-ж.-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Тышкы экономикалык жана эл аралык маселелер боюнча комитеттин эксперти.
  • 01.1997-09.2004-ж.ж. - Эксперттик топтун башчысы, Жогорку Кенештин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин бөлүм башчысы.
  • 10.2004-05.2005-ж.ж. - «ЦМС» ЖАКынын укуктук жана өнүктүрүү маселелери боюнча вице-президенти.
  • 05.2005-06.2005-ж.ж. - Өзгөчө кырдаалдар министринин кеӊешчиси.
  • 08.2005-05.2006-ж.ж. - Германия Федеративдик Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин биринчи катчысы.
  • 04.2006-05.2007-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Эл аралык байланыштар жана экстрадиция бөлүмүнүн башчысы.
  • 05.2007-11.2009-ж.ж. – Юридикалык компаниянын директору.
  • 11.2009-12.2010-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эксперти (мыйзам долбоорлоо ишине мониторинг, парламент менен өз ара аракеттенүү).
  • 12.2010 - 01.2012-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо тобунун жетекчиси.
  • 02.2012 - 07.2015-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
  • 5.11.2015 - 06.23.16-ж.ж.- Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Юстиция министрлигинин 1-класстагы кеӊешчиси. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги. Кыргыз Республикасынын юстициясынын отличниги.

2021-жылдын июль айында комиссиянын жаңы курамы түзүлгөндүктөн, Нуржан Шайлдабекова кайрадан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп шайланган.

Сыйлыктары түзөтүү

  • "Курманжан Датка" ордени (2017 ж.)

Эскертүүлөр түзөтүү

Булагы түзөтүү

Расмий сайттар

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары

Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары'