Нур менен дарылоо (радиотерапия) — дарылоо максатында иондоштуруучу нурлардын ар кайсы түрүн колдонуу.

Нур менен дарылоо түзөтүү

Көбүнчө шишик ооруларын айыктыруу же убактылуу абалын жеңилдетүү үчүн колдонулат.Нур менен дарылоо иондоштуруучу нурлардын тканьдардын өсүү, көбөйүү процесстерин бузуп, татаал физикалык-химиялык жана биохимиялык процесстерди чакыруучу биологиялык таасирине негизделген. Соо жана шишик ткандардын радиосезгичтиги канчалык чоң болсо, айланасындагы соо ткандарга зыян келтирбей шишикти жок кылуу ошончолук жеңил болот. Нур менен дарылоо өзүнчө дарылоо ыкма катары, ошондой эле хирургиялык же химия терапиясы менен бирге колдонулат. Ал операцияга чейин, ошондой эле операциядан кийин да жүргүзүлөт. Нур булагынын органдарга жайгашкан жерине жараша.

Нур менен дарылоонун түрлөрү түзөтүү

Нур менен дарылоонун эки түрү бар.

Нур менен дарылоонун биринчи түрү түзөтүү

Биринчисинде радиоактивдүү изотоптор организмге киргизилет. Анда изотоп акырындык менен орган жана тканда жайгашып, заряддалган бөлүкчөлөрдү, ошондой эле гамма нурларын чыгарат. Бул ыкма калкан сымал бездин шишигинде колдонулат, себеби ал без йодду, анын ичинде радиоактивдүү йодду өзүнө топтоого жөндөмдүү. Көңдөйлүү органдардагы шишиктерди Нур менен дарылоо ыкмасында радиоактивдүү препарат колдонулат. Ал үчүн ооздун ичине, жатын кынына, табарсыкка, көтөн чучукка кичине атайын рентген аппарат, радиоактивдүү изотоп толтурулган резина баллон же кобальт шурусу киргизилет.

Нур менен дарылоонун экинчи түрү түзөтүү

Нур менен дарылоонун экинчи түрү — сырттан нур жиберүү. Анда нур булагы организмден тышкары жайгашат. Нур булагы катары рентген аппараты, телеграмматерапия, бетатрон, ошондой эле аппилакциялык дарылоо колдонулушу мүмкүн. Аппликациялоодо нур булагын дененин нур жибериле турган бетине радиоактивдүү изотоп жабыштырылган атайын ийилгич пластмасса пластинканы бастырып коёт. Бул ыкма негизинен тери же былжыр челдин ооруларында колдонулат.

Радон менен дарылоо түзөтүү

Нур менен дарылоодо өзгөчө орунду радон менен дарылоо ээлейт. Радон процедуралары четки нерв системасынын, жүрөк-кан тамыр системасынын, кыймыл-таяныч аппараттын кээ бир ооруларында, ошондой эле зат алмашуунун бузулуусунда жана башкалар сунуш кылынат. Радон жалпы ж-э жергиликтүү радон ванналары түрүндө, ошондой эле радон суусу менен оозду чайкоо, микроклизма жасоо үчүн колдонулат. Кээде радондуу сууну ичүүгө же радонго байыган аба менен дем алууга болот. Радон тери, былжыр чел, өпкө аркылуу организмге өтүп, аны жалпы нурга чалдыктырышы мүмкүн.
Зыяндуу шишиктерде иондоштуруучу нурлардын демейдегиден көбүрөөк дозаларын колдонууга туура келген учурларда нур таасиринен организмде жергиликтүү жана жалпы реакция пайда болушу мүмкүн. Жергиликтүү реакцияда тери демейдегиден кызарыңкы же шишимик тартып, кычышат. Бирок, ал бир нече күндөн кийин жок болуп, атайын дарылоону талап кылбайт.

Нурга жалпы реакция болгондо түзөтүү

Нурга жалпы реакция болгондо алсырайт, баш айланат, баш ооруп уйку басат, көңүл айланып' кусат. Туура режим, кылдат багуу жана таза абада көп болуу бул жагымсыз абалдын акырындык менен жок болушуна көмөкчү болот. Нур менен дарылоодон кийин таза абада 2—3 саат болуу, жаткан бөлмөнү желдетүү, төшөктөгү оорулууга кычкылтек жаздыгын колдонуу зарыл, себеби өзгөрүлгөн ткандардын нурга сезгичтигин кычкылтек күчөтөт, нур таасиринен болгон жалпы реакцияны басаңдатат. Калориялуу ар түркүн жана витаминдүү азыктар менен тамактануу зарыл. Өткүр татымалдарды (горчица, уксус, калемпир), алкоголь пайдаланууга болбойт. Организмден бузулган клеткалардын калдыктарын сыртка чыгаруу үчүн суюктукту көп ичүү сунуш кылынат. Сезгенүү процесстерин Нур менен дарылоодо териге дүүлүктүргүч заттарды (мисалы, йод) сыйпоого, тырмоого, жуунууга, компресс коюуга же муз басууга тыюу салынат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8