Нус (грек. nus – акыл) – антикалык философиядагы аң-сезим менен ой жүгүртүүнүн бүткүл жыйындысын чагылдырган негизги түшүнүктөрдүн бири.

Философиялык мааниде алгачкы жолу Анаксагордун окуусунда кездешет жана ал формасыз материяга форма берүү тартибинин принциби катары чечмеленген. Бул түшүнүк идеалисттик мааниде Платон менен Аристотелдин философиясында чечмеленген. Алардын окуусунда Нус адамга гана мүнөздүү жана адамды жаныбарлар дүйнөсүнөн айырмалаган «ой жүгүрткөн жан» болуп эсептелет.

Аристотелдин чыгармаларында Нус түшүнүгү Кудайды же демиургду белгилөө үчүн пайдаланылган. Аталган түшүнүк неоплатониктердин окуусунда өзгөчө мааниге ээ болуп, ал дүйнөнүн маңызын аныктаган жана бардык нерселерге форма берген керемет болмуш катары түшүндүрүлгөн.

Материалисттер да бул түшүнүктү кабыл алышкан. Демокрит Нусту шар формасындагы от деп түшүнгөн. Антикалык материалисттердин пикири боюнча Нус табият мыйзамдарынын жыйындысы же материалдуу дүйнөдөгү жашоонун булагы болуп эсептелет. Демокриттин гносеологиясында Нус ирээтсиз сезимдик туюмдардан айырмаланган таанымдын (билик) өтө так принциби катары айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү