Олеум - SO3 суусуз Н2SO4 эритмеси. Курамы пирокүкүрт к-тасы H2S2O7 о.э. H2S3O10 жана H2S4O13 к-таларынан турат. Түтөөчү коюу суюктук. Массасы боюнча SO3 20 % болсо, t,б.э..11,00С, t кайноо 166,50С, d204 1,8968. Күчтүү окистендиргич жана сууну өзүнө сиңирип алуучу агент. Ө.ж. негизинен курамында 18-20 % SO3 (кээде 60 %) бар О. өндүрүлөт. Күкүрт кислотасын өндүрүүдө, боёкторду алууда ж.б. о.э. органикалык  синтездерде сульфирлөөчү Регент катарында жана нефтини кайра иштетүү өнөр жайда колдонулат. Былжыр чел кабыкты дүүлүктүрүп күйгүзүп жиберет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү