Он эки эли ичеги (латын тилинен duodénum)(жумур) аттын такасына окшоп, уйку безинин баш жагын тегерете курчап жатат. Узундугу 25—30 смдей. Ал боор, бөйрөккө байламталар аркылуу бекип, ич көңдөйүнүн артында жатат. Ал эми алдынан болсо, ич көңдөйүндөгү ич кабыгы менен капталган. Ошондуктан операция учурунда ага жетүү эң эле татаал.

Түзүлүшү түзөтүү

Ал карындын ылдыйкы учунан башталып, акырындык менен ичке ичегиге өтөт. Эгерде рентгенден караса, анда анын карындан башталган учунда «сүйрү пиязга» окшогон өзүнчө бөлүгү бар. Ал үч бурчтук формасында болуп, өзүнүн негизи менен карынга карай багытталат. Он эки эли ичегинин керегеси башка ичегилердикиндей эле үч катмардан (эң сырткысы — жылмакай, ортоңкусу — булчуң катмары жана эң ичкеси — былжырдуу катмар) турат.

 
Он эки эли ичеги: 1—жогорку горизонталь бөлүгү; 2—төмөн кеткен ортоңку бөлүгү; 3—төмөнкү горизонталь бөлүгү; 4— ичке ичегиге кошулуучу бөлүгү.
 
Кызыл түс менен он эки эли ичеги белгиленип турат

Булчуң катмары карындан келген карын жинин аралаштырат жана акырындык менен ичке ичегиге өткөрөт. Ал эми карын жининдеги маңыздарды сиңирүүдө он эки эли ичегинин ички былжырлуу катмары зор роль ойнойт. Анткени анын ичине өзүнүн былжырлуу катмары бөлүп чыгарган суюктуктар жана ферменттерден башка уйку бези менен боордон да ферменттер куюлат. Кишинин уйку бези бул ичегиде суткасына 500дөн 800 смге чейин өзүнүн зилин бөлүп чыгарат. Ал эми анын составындагы ферменттер белокторду, нуклеин кислоталарын, углеводдорду ажыратат. Боордон ага суткасына 600дөн 1000 млге чейин өт келип куят. Өттүн составы жана куюу мезгили тамактын составына жараша болот. Ичегиге куйган өт өзүнүн таасири менен негизинен ичип-жеген майды май кислоталарына чейин ажыратып, аны организмге сиңирүүгө шарт түзөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8