Оогон-Талаа
Оогон-Талаа — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Могол айыл аймагынын курамына кирет.
Оогон-Талаа | |
Оогон-Талаа | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Жалал-Абад облусу |
If: |
Базар-Коргон району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1850 |
Бийиктиктиги |
1100 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
«Ачы» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр менен Арстанбап сууларынын кошулган жериндеги тектирде, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 35 км түн.-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 71 км. Кыштак 1850-ж. пайда болгон. Калкы 2710 (2007); негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен да алектенет. Мөмө-жемишти кайра иштетүүчү чакан ишкана, «Байлык» АКы, «Ачы» керек-жарак коому, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануучу жана соода жайлары, чайкана, базарчалар иштейт. Орто мектеп, китепкана, оорукана, поликлиника, дарыкана, бала бакча, Маданият үйү, почта жана телеграф бөлүмдөрү бар. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры П. Т. Слюсаренко, Кыргыз Республикасынын эл артисти С. Далбаев туулган.
Калкы түзөтүү
Калкы - 2 943 киши.[1]
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7