Оржемил
Оржемил, Улжемил — элдик медицинада колдонулган дарынын бир түрү. Эпосто согушта жарадар болгон баатырлар О. жутуп денесинен агып жаткан канды токтотушканы көп эскерилет:
Оржемил деген дарысын,
Жутуп алды баарысын.
Аккан каны басылып,
Айнектей көзү ачылып,
Каары бойдон чачылып... (Сагымбай Орозбаков , 2. 60).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4