Орток-тоо
Орток-тоо, Кара-Тоо — топоним. Манас кытай-калмактар башта басып алган ата журту Ала-Тоону бошоткондо, анын колунун Мунаркан баш болгон бөлүгү Тарлаң жайсаң баштаган душман менен О.-Т-до беттешип, аны жеңген (Сагымбай Орозбаков, КФ. 576-инв., 530-б.). Бул окуянын өткөн жерин Кочкор өрөөнүнүн түндүгүндөгү О.-Т. менен байланыштырууга болот.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4