Остеохондроз (байыркы грек тилинен ὀστέον — сөөк жана χόνδρος — кемирчек) — сөөк жана кемирчек ткандарында зат алмашуу продуктуларынын топтолушунан келип чыккан өнөкөт оору.

Остеохондроз

Омурткалардын остеохондрозу түзөтүү

Омурткалардын остеохондрозу көп жолугат. Анда омуртка дисктеринин дистрофияга учурашы жана жукарышынан омуртка сөөктөр өсөт, муун арасында артроз, көп учурда диск чуркусу өөрчүп, жүлүндү, жүлүн нервдеринин дүмүрчөктөрүн кысат. Андыктан омуртка тутумунун ийилгичтиги жана кыймылы төмөндөйт. Оорунун жүрүшү ар кандай факторлорго (зат алмашуу жана эндокриндик бузулуулар, травма жана башкалар) байланыштуу. Омурткалар бири бирине салмагын тийгизип баскандыктан, омуртка дискинин бийиктиги төмөндөп, омурткалардын ортосунда фиброздук шакекче чыгып, жүлүндүн элементтерине таасир этиши мүмкүн.
Остеохондроз көбүнчө бел, моюн, көкүрөк бөлүгүндө кездешет. Оорунун негизги белгиси — белдин белгилүү жери ооруп, ал жамбашка жана бутка берилет. Көп учурда куяңга окшойт. Омурткалардын бузулган дисктин тушундагы кылкандай урчугу пальпация жасаганда ооруйт. Эгерде нерв кыпчылып калса, ал нервдештирген жерде оору сезилип, сезгичтик бузулат, буттун алсыздануусу жана башкалар байкалат.

Дарылоо түзөтүү

Остеохондрозду дарылоодо эң мурда горизонталдуу тегиздикте чоюу (ал үчүн кроваттын бут жагын 30—40 см көтөрөт), физкультура, новокаин менен электрфорез жана башкалар колдонулат. Радондуу минерал суулары бар курорттордо (Жети-Өгүз, Жыргалаң, Пятигорск жана башкалар) дарылануу жакшы натыйжа берет. Бел ооруса атайын ортопедиялык корсеттер сунуш кылынат. Мындан тышкары ооруну басаңдатуучу каражаттар да колдонулат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8