Оториноларингология
Булактарда Internetowa encyklopedia PWN
Practiced by otolaryngologist
On focus list of Wikimedia project Wikipedia:Vital articles/Level/4
OpenStreetMap tag or key Tag:healthcare:speciality=otolaryngology
Commons категориясы Otorhinolaryngology
Тема боюнча негизги категориясы Category:Otorhinolaryngology
Otorhinolaryngology
Оториноларингология

Оториноларингология түзөтүү

Оториноларингология — клиникалык медицинанын кулак, мурун, мурун жанындагы кобулдар, тамак, кулкун, көмөкөй ооруларынын пайда болуу себебин изилдөөчү жана аларды дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү. Оториноларингологиянын сурдология (кулак кереңин, анын клиникалык белгилерин, себептерин изилдейт), фониатрия (үн физиологиясын, үн пайда болуунун бузулушун жана анын алдын алуу, дарылоо методдорун иштеп чыгат) жана башка тармактары бар. Оториноларингология өз алдынча илим катары 19-кылымдын ортосунан калыптанган. Азыр оториноларингологияда кулак, тамак жана мурундун кесипке байланыштуу оорулары жана алардын залдары (дүлөйлүк, дудуктук жана башкалар), вестибуль аппараты жана башкалар изилденүүдө.

Отоларинголог түзөтүү

Отоларингологкулак, мурун, мурун жанындагы кобулдар, тамак, кулкун ооруларын дарылоо, алдын алуу жана диагноз коюу боюнча атайын даярдыктан өткөн адис-врач.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8