Панкреатит (латын тилинен pancreatitis, байыркы грек тилинен πάγκρεας — карын астындагы без+ -itis — сезгенүү) — уйку безинин сезгениши.

Катуу кармаган панкреатит

Түрлөрү түзөтүү

Панкреатит

  • катуу кармаган жана
  • өнөкөт болуп айырмаланат.

Катуу кармаган панкреатит түзөтүү

Катуу кармаган панкреатит менен 30—60 жаштардагы, айрыкча аялдар ооруйт. Көбүнчө май алмашуу бузулгандарда кезигет. Панкреатитке аракечтик (Өнөкөт аракечтик), начар же өтө ашыкча тамактануу, өт жолдорунун таш оорусу түрткү берет. Уйку бездин кан тамырларынын жабыркашы (тромбофлебит), инфекция оорулары, ич көңдөйүнүн травмасы жана сезгениши панкреатитке себеп болот. Оору көп учурда майлуу, өткүр тамак жана алкоголь ичкиликтерин ичкенде ичтин жогору жагы капысынан катуу ооруп башталат.

Формалары түзөтүү

Катуу кармаган панкреатиттин белгилери ар түрдүү болуп, жеңил формасында ич бир аз ооруйт. Ал эми катуу формасында өтө катуу ооруп, коллапс, шок абалына чейин жетет.

Белгилери түзөтүү

Бул учурда ичтин жогору жагы курчалып катуу ооруйт, оору аркага берилет, окшуйт, кусат, ич көбөт, катат, чанда өтөт, тамакка табити тартпайт. Панкреатиттин биринчи белгиси байкалары менен медициналык тез жардам чакырып, оорулууну төшөккө жаткырып, курсактын жогору жагына муздак коюу керек. Катуу кармаган панкреатитти демейде ооруканада дарылайт.
Катуу кармаган панкреатит өз убагында дарыланбаса өнөкөт панкреатитке өтүшү мүмкүн.

Өнөкөт панкреатит түзөтүү

Өнөкөт панкреатиттин белгилери сезгенүү процессинин чогулушуна жана стадиясына жараша ар түрдүү болот. Өнөкөт панкреатиттин диагнозун тактоодо кандагы ферментти лабораториялык изилдөө да колдонулат. Өнөкөт панкреатитти врач консервативдүү жол менен дарылайт. Май жана углеводу аз тамактануунун мааниси чоң. Керек болсо фермент берилет.

Алдын алуу түзөтүү

Панкреатитти алдын алуу уйку безин сезгентүүчү себептерди четтетүүгө, түрткү болуучу ооруну өз убагында дарылоого негизделген.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8