Парадокс (гр. paradoxos – күтүлбөгөн, таң каларлык) – 1) жалпы кабыл алынган пикирге, ойго дал келбеген, алардан айырмаланган, ал гана тургай карама-каршы келген пикир; 2) күнүмдүк, көндүм элестөөлөргө туура келбеген күтүлбөгөн кубулуш; 3) ой жүгүр-түүнүн логикалык тууралыгынын сакталышын көрсөткөн формалдык логикада жана көптүктөрдүн мазмундуу теориясында келип чыккан формалдуу-логикалык карама-каршылык. Байыркы философияда «Парадокс» термини жаңы, оригиналдуу пикирди мүнөздөө үчүн келип чыккан. Дегинкиси антикалык логикада көп маанилүүлүгү анын тууралыгын же туура эместигин билдирген бүтүм-жыйынтыктарды Парадокс катары кабыл алышкан. Сүйлөөнүн оригиналдуулугун билүү анын чын же жалган экендигин аныктоого караганда жеңил болот, ошондуктан кээде Парадокс туюнтуучу пикирлердин өзгөчөлүгүн билдирүүчү күбө катарында кабыл алынат.

«Парадокс» түшүнүгү парасалдуу абал ирээтинде Кьеркегордун философиясында мааниге ээ болгон. Анын пикири боюнча диний мамилелер Парадоксалдуу маңызга ээ болушат, б. а. кудай адамдардын чектелген көрүнүштөрү аркылуу ачылат, же кудайдын «түздөн-түздүүлүгү» жашоонун «түздөн-түз эместиги» менен көрүнөт. Илимде чындык «норма» катары эсептелсе, бардык чындыктан четтөөнү, жалгандыкты, карама-каршылыкты Парадокс деп кароого болот. Ошондуктан логикада Парадокс «антиномия», «карама-каршылык» терминдеринин синоними катары каралат. Илимий теорияны тактоодо Парадокстун ролу чоң, себеби жаңы эксперименттик фактылар мурда туура, так деп эсептелген принциптерге карама-каршы келиши мүмкүн. Мындай тактоолор – жалпы эле илимий өнүгүү процессинин ажырагыс бөлүгү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү