Паранойя (байыркы грек тилинен παράνοια — акылдан адашуу) — негизсиз, жаңылыш идеянын адамдын аң-сезимине бекем сиңип, аны ал идеядан эч айнытууга мүмкүн болбогон психикалык оору.

Паранойя оорусу менен ооруган адам

Оорулуу тууралуу түзөтүү

Оорулуунун ишенимине кирген идея кадыресе эле болушу мүмкүн, мисалы, кызганчаактык, ойлоп табуучулук, кошуналардан, кызматташтардан шектенүү жана башка. Ошондой эле ойго келбеген идеялар да болот, мисалы, оорулуу өзүнүн мансаптуу бир адамдын баласымын деген ойдо жүрөт, ал же олуя, кудайга кызмат кылуусу тийиш жана башка мындай жаңылыш ойлорун ишке ашырууга аракеттенет: аялын аңдыйт, ойлоп табуусун далилдөөгө тырышат жана башкалар.
Булар — көз карашы тар, кишиге ишенбеген, өз пикирин бербеген кекчил, өзүмчүл, орой, адепсиз адамдар, алар адамдын жетишпеген жактарын гана көрөт. Мындай тескери сапаттар, ой жүгүртүүнүн бир жактуулугу, тайкылыгы, көктүк аларды көп чыр-чатактарга кабылтат. Ишендирүү, коркутуу, өтүнүү аларга таасир этпейт. Дараметин, күч-кубатын өздөрүнүн жаңылыш идеяларын таратууга короткон мындай адамдар доочу, тоголок арызчы болушат. Оорулуунун жаңылыш идеяларынан башка психикасынын бузулуусу көпкө байкалбайт, ошондуктан ал соо адамдай көрүнөт, анын идеясы кээде чындыктай туюлушу мүмкүн.

Оорунун пайда болушу жана дарылоо түзөтүү

Оорунун пайда болуу себеби жетишерлик далилденбеген, мээнин бузулуусунан келип чыгат деп алгач И. П. Павлов көрсөткөн. Оорулуунун бара-бара психикасы бузула баштаганы байкалганда аны оорукана шартында дарылоого туура келет. Алар дарылоодон кийин убактылуу тынчып калат, бирок кайра эле паранойялуу башка идеяларды ойлоп табышы мүмкүн.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8