Плоских Владимир Михайлович

ПЛОСКИХ Владимир Михайлович (1937-ж.т., Казакстан, Акмоло, азыркы Астана ш.) – тарых илиминин доктору (1979), проф., Кыргыз Республинын УИАнын академиги (1997), илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1996).

Билими түзөтүү

КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Кыргызстан ИАда ил. кызматкер, Тарых институтунда директордун орун басары, Президиумдун окумуштуу катчысы, Кыргыз-Россия (Славян) университетинде кафедра башчысы, 2003-жылдан Кыргыз Республикасынын УИАнын вице-президенти.
Анын эмгектери негизинен Кыргызстандын Улуу Октябрь Социалисттик Революциясына чейинки тарыхын изилдөөгө арналган.

Эмгектери түзөтүү

150дөн ашык илимий эмгектердин, а.и. 15 монографиянын автору.

Сыйлыгы түзөтүү

3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
Е.Д.Поливанов атнындагы «Мустафа Кемал (Ататүрк)» фондусунун «Тоо адамдары» сыйлыгынын лауреаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү