Плюрализм (латын сөзүнөн pluralis – көптүк) бир нече же көп негиздерди болжойт. Анын негизинде болмуштун көп башаттары менен байланыштары жатат. Дүйнөнүн жер, суу, аба, металл жана дарак сыяктуу беш башталыштан тураарын белгилеген у син (кытайча у – беш жана син – башталыш) деп аталган Байыркы Кытайдагы философиялык багыт буга айкын мисал боло алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8