Пневмоторакс — плевра көңдөйүнө абанын чогулушу.

Чогулган аба өпкөнү кысат. Пневмоторакс түрдүү кырсыктар, хирургиялык, оору процесстерден жана дарылоо максатында жасалма болот.
Травмалык Пневмоторакс көөдөн жабыркаганда, б. а. кабырганын сынык учу өпкөнү тешип, ал аркылуу плевра көндөйүнө аба толгондо пайда болот.
Ошондой эле көкүрөк клеткасы кокустаганда да өпкө айрылышы мүмкүн.
Патологиялык Пневмоторакс (мисалы, өпкө эмфиземасы) капысынан пайда болот.

Жүрөккө, өпкөгө операция жасоодо хирургиялык Пневмоторакс болуп калышы да мүмкүн.

Жарааттын мүнөзүнө жараша ачык, жабык клапандуу жана башка Пневмоторакс болуп айырмаланат. Ачык Пневмоторакста плеврадагы аба сырткы аба менен байланышып турат, жабык Пневмоторакста атмосфера абасы менен байланышпайт.
өпкөнүн тешигин айрылган ткань жаап калып, дем алганда кирген аба кайра бронхко чыкпай плеврага толо берип клапандуу Пневмоторакс пайда болот. Ар бир дем алган сайын аба көбөйө берет. Эгерде плеврага аба бир аз чогулса, ал сиңип кетет. Ал эми көп чогулган аба (айрыкча клапандуу Пневмоторакста) өпкөнү кысып, дем алуу жана жүрөк иши бузулат.

Пневмоторакста дем кыстыгат, көгөрөт, тамыр тез кагат, журөктүн ошол капталы ооруйт, кыймылдоо кыйындайт.
Ачык Пневмоторакста биринчи жардам көрсөтүү үчүн жел киргизбей дароо таңыш керек. Мындай Пневмотораксты хирургиялык жол менен дарылайт.
Клапандуу Пневмоторакста толгон желди чыгаруу үчүн пункция жасалат, тийиштүү дарылоо жүргүзүлөт.
Жасалма Пневмоторакс өпкө туберкулёзунун кээ бир түрүн дарылоодо пайдаланылат.
Алдын алуу үчүн ар кандай кырсыктан сак болуп, өпкө ооруларын өз убагында дарылоо керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8