Полисемия (грек тилинен – көп маанилүүлүк ), сөздүн көп маанилүүлүгү – бир эле сөздүн баштапкы маанисинен бутактанып чыккан кошмо, кийинки маанилери дегенди түшүндүрөт. Мисалы, “Журтта калган күчүктөй” деген макалдагы “журт” деген сөз менен А. Осмоновдун “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт” деген сабындагы “журт” деген сөздөрдүн түпкү теги бир, мааниси жакын, бирок эки башка өзгөчөлүктөгү нерселерди туюндурбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004