РБК күндөлүк иш гезити, 2014-жылдын октябрына чейин "РБК daily" - "РосБизнесКонсалтинг" медиа-тобуна таандык күн сайын чыгуучу аналитикалык гезит. Негиздөөчүсү - "РБК Медиа" ЖЧК. Гезитте орус экономикасынын ар кандай тармактарындагы кырдаалдардын анализи жана эл аралык бизнес жаңылыктары тартууланат.

LiveInternet'тин маалыматтарына ылайык, (2013-жылдын март-апрели) РБК daily'нин сайтын күн сайын 250 миң киши окуйт. Бир ай ичиндеги аудиториясынын саны - 4,8 миллион киши. Жумасына 5 күн чыккан кагаз түрүнүн тиражы 80 миң нусканы түзөт.

Башкы редактору - Петр Кирьян.

Биринчи саны 2006-жылы 25-сентябрда 80 миң нуска болуп чыккан.

РБК daily алманиялык Handelsblatt менен кызматташтыкта чыгарылат.

Шилтемелер түзөтүү