Рахман Исманалиев 1926-жылы Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Ворошилов айылында туулган.

  • 1940-жылы толук эмес Ворошилов мектебинен 7-классты, андан кийин Жалал-Абад шаарындагы мугалимдер институтун аяктап, эмгек жолун Кара-Булак айылындагы толук эмес мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
  • Ош педагогикалык институтунун физика-математика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.
  • 1953-1959-жылдары Октябрь райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
  • 1959-жылдан баштап Октябрь айылындагы Калинин атындагы 7 жылдык мектепте мугалим болуп иштей баштайт.
  • Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында тоолуу жерде жашаган окуучуларды чогултуп, мектепте класстардын санын көбөйткөн.
  • 1969-жылы Р. Исманалиевдин демилгеси менен мектептин базасында жатак интернаты уюштурулган.
  • Агайдын эмгекчилдигинен №33 A. С. Макаренко орто мектеби райондогу эң алдыңкы тажрыйбалуу мектептердин катарына кошулган.
  • 1971-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Октябрь айылындагы жаштардын кечки мектебинде директор болуп иштеген.
  • Зор эмгеги үчүн мамлекет тарабынан жогорку сыйлыктарга жетишкен.
  • 1976-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3