Реанимация (лат. Reanimatio — сөзмө-сөз «жашоого кайрылуу», «тирилүү») (организмди тирилтүү) — өлүп бараткан адамды (организмди) тирилтүү үчүн жүргүзүлгөн комплекстүү чаралар.

Кыргызстан акушерлик жана педиатрия илим изилдөө институтунун реанимация бөлүмү.

Чаралар түзөтүү

Ал чараларга жасалма дем алдыруу, мээнин кан айлануусун калыбына келтирүү, жүрөктүн фибрилляциясын токтотуу, ошондой эле дары менен дарылоо кирет.
Реанимация — организмдеги жашоонун негизги функцияларын убактылуу калыбына келтирүү гана эмес, организм өзүн өзү толук башкарууга жеткенге чейин жасалма тейлеп башкаруу. Реанимация жүрөк күтүлбөгөн жерден токтоп калганда (мисалы, операция учурунда жүрөк рефлектордук токтоп калганда, электр тогу таасир эткенде) жана аба жетпей калганда (муунтуудан, кекиртекке бир нерсе туруп калганда, былжыр же кусундунун бүдүрү менен какаганда, чагылган тийгенде же ток урганда, ууланганда жана башка), кан көп кеткенде, сууга чөккөндө, күйүктө жана башка учурда жүргүзүлөт.

Агония абалы түзөтүү

Кырсыкка учураганда же ооруганда киши дароо өлүмгө учурабайт. Ага чейин агония жана клиникалык өлүм абалында болот. Агония учурунда аң-сезим караңгылап, жүрөк иши өтө бузулуп жана артерия басымы төмөн түшүп кетет (Кан басымы), тамырдын согушу билинбейт, тери бозоруп муздайт.

Клиникалык өлүм түзөтүү

Агониядан кийин клиникалык өлүм болот. Бул учурда тиричилик белгилери (жүрөктүн согушу жана дем алуу) байкалбайт, бирок биологиялык өлүмгө мүнөздүү организмде кайталангыс өзгөрүүлөр боло элек болот. Клиникалык өлүм 3—8 минутага созулат. Ушул убакытта организмди тирилтүүгө аракет жасоо зарыл. Реанимациянын негизги методдору жасалма дем алдыруу жана жүрөк массажы болуп эсептелет. Жүрөккө кыйыр массаждын таасирдүүлүгү кол күчүнө байланыштуу. Алаканды оорулуунун төш сөөгүнүн ылдыйкы жарымына коюп, аны омуртка түркүгүн көздөй 4—6 смден кем эмес ылдый-өйдө ныгырганда гана жүрөк карынчаларындагы канды жүрөк толтосуна, күрөө тамырларга айдоого шарт түзүлөт.
Жүрөктү электр тогу менен дефибрилляция тез аранын ичинде (20—30 сек) жасалуусу тийиш. Оорулуу тириле баштаганда күрөө тамыр сого баштайт, карек кичирейип, өз алдынча дем алуу пайда болот. Реанимациянын андан аркы этабы оорукана шартында жүргүзүлөт. Азыркы реанимация бөлүмдөрү атайын байкоочу системалар менен камсыз кылынган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8