Ревматизм (байыркы грек тилинен ῥεῦμα, «агым, агыш» — жайылуу (дене бою), Сокольский-Буйо оорусу) (кызыл жүгүрүк) — туташтырма ткандын, айрыкча жүрөк, муун, ошондой эле башка органдардын сезгениши менен мүнөздөлгөн инфекция аллергиялык оору. Көбүнчө балдар (7 — 15 жашка чейинки) ооруйт. 5 жашка чейинки балдарда жана улгайгандарда сейрек учурайт.

Пайда болушу түзөтүү

Ревматизмдин пайда болушунда кайталап кармаган стрептококк пайда кылуучу оору (ангина) жана стрептококкту өтө сезгичтик (Аллергия) негизги ролду ойнойт. Оорунун күчөшүндө жана өтүшүндө бул факторлордон башка организмдин иммун системасынын бузулушу да чоң мааниге ээ. Ангина менен көп ооругандар ревматизмге тез чалдыгары белгилүү. Сыз, ным жана суук өтүү түрткү бергендиктен ревматизм жылдын суук мезгилинде көп жолугат. Ал башталганда катуу кармайт: ангина менен ооруп айыккандан кийин 10—14 күн өткөндө дене кайра ысып, чыканак, кырк муун, тизе, кызыл ашык ооруйт, кызарат жана шишийт.

Ревматизм полиартрити түзөтүү

Ревматизм полиартритинде анын белгилери көпкө сакталбайт, тез аранын ичинде бир муундан экинчисине өтүп (жүгүрүп) турат жана бул белгилер 10—12 күндө таптакыр жок болуп, муундун функциясы өз калыбына келет. Бирок бул айыккансып калган абал жүрөктү (булчуң жана сырткы катмарын, клапандарын) бузат. Оорунун бул түрү ревмокардит деп аталат. Ревмокардитте төмөнкү белгилер байкалат: оорулуунун алы кетип, энтигет, жүрөктүн тушу ооруп, лакылдап согот. Андан ары оору күчөп отуруп жүрөк кемтигине келиши мүмкүн. Ревматизм нерв системасын да бузушу мүмкүн (нейроревматизм). Бул учурда балдардын маанайы өзгөрүп, туталанат, унутчаак болуп, уйкусу бузулат. Балдардын окуусу начарлайт, колу, буту шалактап, кыймылы бузулат жана булчуңу бошойт (Хорея). Ревматизм жогоруда айтылгандардан башка органдарга да (өпкө, боор, бөйрөк жана башкалар) таасир тийгизет. Бирок бардык эле муундун шишиши жана кызарышы ревматизмдин, ал эми бардык эле жүрөктүн лакылдап согушу, жүрөк туштагы жагымсыз сезим ревмокардиттин белгиси болбойт. Ошондуктан врачтын текшерүүсү гана диагнозду тактайт. Врачка өз убагында кайрылып, диагнозун эрте тактоо натыйжалуу дарылоого жардам берет. Ревматизмди дарылоону врач жүргүзөт. Оору катуу кармап турганда оорулууну сөзсүз ооруканага жаткыруу зарыл. Ооруканада ревматизмге дарылоонун ылайыктуу ыкмаларын колдонуудан башка, оору адам врачтын айткан режимин толугу менен аткарышы маанилүү болуп эсептелет. Оору күчөп турганда 2—3 жумага же андан көп убакыт төшөктө жатуу керек.

Дарылануу түзөтүү

Ооруканадан чыккандан кийин кардиологиялык санаторийлерде, андан кийин поликлиника шартында дарылана берет. Оорулуу ооруканада жатканда эле айыктыруучу физкультура көнүгүүлөрүн жасай баштап, аны дарылоонун кийинки этаптарында улантат. Мындай оорулуунун тамагы витаминге, айрыкча С витаминине бай болушу керек; туз жана углеводдун өлчөмү чектелет. Ошондой эле оорулуу диспансерлик каттоодо болуп, оорунун кабылдап кетишине каршы алдын алуу чаралары жүргүзүлөт. Мындан тышкары диспансерлерде аба жана суу менен дарылоо жолдору колдонулат. Ревматизмди алдын алууда организмди чыңдоо, физкультура, спорт жана санитария-гигиеналык чаралар колдонулат. Ангина менен ооругандарды өз убагында аныктап, аны натыйжалуу дарылоо маанилүү. Ревматизм менен ооруган кишилер, балдар дайыма врачка көрүнүп, жыл бою же мезгил мезгили менен атайын дарыларды колдонуп туруулары зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8