Ректор - (лат. rektor – жетекчи, башкаруучу) – жогорку окуу жайынын жетекчиси. Кыргызстанда ректор илимдин доктору, профессор илимий наам-даражасы бар, тажрыйбалуу, уюштуруучулук жөндөмгө эгедер, компетенттүү окумуштуу-адистердин ичинен тандалат жана ЖОЖдун коллективи тарабынан шайланат. Өзүнүн уставдык милдети боюнча ректор окуу жайынын окуу-тарбиялык, илимий финансылык-чарбалык иштерин, мамлекеттик стандарттын, окуу пландарынын, окуу программаларынын аткарылышын жетектейт, көзөмөлдөйт, камсыз кылат. ЖОЖго студенттерди кабыл алууну, бүтүрүүчүлөрдү ишке бөлүштүрүүнү уюштурат жана ишке ашырат. ЖОЖдун ички тартибинин эрежелерин, профессордук-окутуучулар курамынын штатын, окуу тизмелерин бекитет. Окумуштуулар кеңешин жетектейт. Бардык жерлерде жогорку окуу жайынын өкүлү катары чыгат жана иш жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,