Рентгенограмма - рентген нурларынын зат менен аракеттенишинин натыйжасында объектинин жарык сезгич материалдарга (фотонлёнкага, фотопластинкага) түшүрүлгөн сүрөтү.

Нерсеге рентген нуру түшкөндө ал нур жутулуу, чагылуу же дифракция кубулушуна дуушар болот. Ал нурдун нерсе менен өз ара аракеттенишинен кийинки интенсивдүүлүгүнүн бөлүнүшү Рентгенограмманы пайда кылат.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.