Ретинол (А витамини) табиятта кеңири таралган. Өсүмдүк тканында ал А провитамини — каротиноид пигменти түрүндө кезигип, организмде ретинолго айланат, жаныбар тканында даяр түрүндө болот. Ретинол көрүү пигментинин пайда болушуна катышат, организмдин нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Соо кишинин күнүмдүк керектөөсү чоң кишилерге 1,5 мг, балдар жана өспүрүмдөргө 0,5—1,5 мг. Ретинол бардык жаныбарларга керек. А витамини жетишпегенде тери кубарып, кургап, түлөп, бетке безетки чыгып, ириңдүү жара менен жабыркайт; чач кургап, өңү өчөт, тырмактар сынат. А витамининин жетишсиздиги жарыкты карай албоо, түнкүсүн начар көрүү (тоок сокурлугу), конъюнктивит, блефаритке алып келёт.

А витамини жаныбар тектүү азыктарда (жаныбар менен балыктын боору, икра, балык майы, сары май, быштак, жумуртканын сарысы) гана болот. Өсүмдүк азыктарында ал провитаминдер — каротиноид пигменттери түрүндө кездешет. Каротиноидге сабиз, томат, кызыл мурч, көк пияз, козу кулак, салат, ит мурун, кызыл өрүк, чычырканак, четин жана башкалардын мөмөлөрү бар. Организм каротиноиддерди майлар менен бирге жакшы сиңирет, ошондуктан жашылчаларды каймак же өсүмдүк майын кошуп, салат жасап жесе пайдалуу. Азыктарды бышырганда, консервалоодо А витамини менен каротиноиддер жакшы сакталат. Майда эрүүчү витамин.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8