РигаЛатыш Республикасынын борбору. Даугава дарыясынын боюнда Балтика деңизинин Рига булуңуна куя беришинде жайгашкан. Климаты деңиздиктен континенттикке өтмө. Январдын орточо температурасы -4,5°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 649 мм. Калкы 706 миң (2010). Темир жол түйүнү. Деңиз порту. Шаар алгач 1198-жылдан эскерилет. 1201-жылдан шаар. Машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, радио электроника), металл иштетүү, химиялык, химиялык-фармацевтика, полиграфиялык, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш, парфюмерия-косметика өнөр-жай ишканалары, курулуш материалдар өндүрүшү иштейт. Латвия ИА, ЖОЖдор (анын ичинде университеттер, музыка академиясы ж. б.), 21 музей (анын ичинде тарых, кемечилик, сүрөт ж. б.), 9 театр (анын ичинде улуттук опера жана балет) ж. б. бар.

Отурукташкан жай
Рига
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Латвия
Координаттар 56°56′51″ с. ш. 24°06′25″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 6 район
Мэр Нил Ушаков
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1201
Аянты 304,05 км²
Борборунун бийиктиги 7 м
Климатынын түрү мелүүн деңиздик
Убакыт аралыгы UTC+2, жайында UTC+3
Калкы
Калкы 641 007 адам (2015)
Жыштыгы 2276,3 адам/км²
Этнохороним ригалык, ригалыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +371
Почта индекстери LV-10(01-84)
Автоунаа коду LV
Расмий сайты http://www.riga.lv/

Шаардын эски бөлүгүндө Домский собору (13-кылым), Екаб (13-кылым) жана Петер (13-14-кылымдардын башы) чиркөөлөрү, Орден сепили (14–19-кылымдар), 15–18-кылымдардагы турак жайлар ж. б. сакталган. Боордоштор көрүстөнү (1924–36) мемориал комплекси бар. Ригага жакын жерде климаттык (Юрмала, Огре, Сигулда) жана бальнеологиялык (Балдоне жана Кемери) курорттор жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү