Риккетсиоздор — адамдын жана жаныбарлардын жугуштуу оорулары.

Риккетсиялар

Козгоочулар тууралуу түзөтүү

Аларды бактерияларга окшош организмдер — риккетсиялар козгойт. Ага эпидемиялык баш келте, Ку-лихорадкасы, келемиш келтеси жана башкалар кирет. Риккетсиялардын көлөмү, формасы ар түрдүү болушу мүмкүн. Алар вирустар сыяктуу клетка ичинде мителик кылат. Ошондуктан бардыгы оору чакырат (патогендүү). Алар 50—70°С ысыктыктын жана ар түрдүү дезинфекциялоочу заттардын таасиринен тез өлөт. Риккетсиоздор кан аркылуу таралуучу ооруларга кирет. Козгогучтары дартты жуктуруп алган киши же жаныбардын каны жана лимфа суюктугу менен бир топко чейин айланып жүрөт. Оорулуу кишиден, жаныбардан дени соо кишиге кан соргуч курт-кумурскалар жана кенелердин заңы, шилекейи менен жугат. Козгогучтары бодо малдын сүтү же заарасы менен чөйрөгө таралуусу чанда кезигет. Ошондой эле курт-кумурскалардын же кененин заңынан булганган чаң менен дем алганда дем алуу жолунун былжыр чели аркылуу жугушу мүмкүн. Эпидемиялык баш келте жана траншеялык лихорадка (ысытма) оорулары менен адам гана ооруйт. Булардын козгогучтары оорулуу кишиден соо кишиге бит аркылуу жугат (антропоноздор). Калган бардык риккетсиоздор — зооноздор. Оору ылаңдуу жаныбардан соо кишиге кенелер же бүргөлөр аркылуу берилет.

Оору тууралуу түзөтүү

Оору капыстан башталат, эти ысып, башы ооруйт, булчуңдардын оорушу сезилет жана териде кызыл тактар пайда болот, кан тамырлар жана борбордук нерв системасы сезгенет.

Дарылоо түзөтүү

Ооруну дарылоо оорукана шартында гана жүргүзүлөт. Риккетсиоздордун алдын алууда кан соргучтар (бүргө, бит, кенелер) жана оорунун булагы болгон кемирүүчүлөр менен күрөшүү чараларынын мааниси зор. Риккетсиоздордун табигый очоктору бар райондордо, жайыттарда, токойдо, талаада иштегендерге кене менен бүргөнүн чагуусунан коргонуу үчүн атайын өздүк кийимдерди, коргонуучу торлорду кийүү, курт-кумурскаларды жытынан качыра турган химиялык заттарды колдонуу зарыл. Денеге кирген кенени акырындык менен алып, ордун йоддун эритмеси же спирт менен сүртүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8