Сазанов Багыш (1878, Жумгал өрөөнү, Карасуу айылы –1958, Кызылтуу айылы) – манасчы.
Айылында уста, тегирменчи болгон. «Манастын» үч бөлүмүн тең айткан. Эл арасында 18–19 жашынан айта баштаган. Сазановдан 1938–41-жылы болжол менен 101600 сап ыр («Манастан» – 41 миң, «Семетейден» – 55 миң, «Сейтектен» – 5600 сап) жазылып алынган (жарык көрө элек). Сазановдун варианты башка негизги варианттарга караганда олуттуу өзгөчөлүктөргө ээ.
«Жаңыл Мырза», «Түгөлбай» деген элдик эпостук чыгармаларды да кара сөз менен айткан.

Сазанов Багыш

Колдонулган адабияттар түзөтүү