Сайнор (Шинор), Денис (1916-2011) – түпкү теги Мажарстандан чыккан америкалык чыгыш таануучу, урал-алтай таануучу. Ал ПИАКтын негиздөөчүлөрүнүн бири, АКШдагы Индиана университетинин Борбордук Евразияны Иликтөө кафедрасынын ардагер профессору.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Денис Сайнор (мажарча - Zsinór Dénes) 1916-жылы 17-апрелде Мажарстанда (Венгрияда) туулган, Будапешт университетинде таалим алган. Кийинчерээк Швейцария менен Францияда да окуган.

1939-1948-жылдары Францияда, Парижде окутуучу болуп иштеди.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Францияда германдык фашисттерге каршы күрөш жүргүзгөн элдик кыймылга да катышкан.

Ал 1948-1962-жылдары Улуу Британиядагы айтылуу Кэмбриж университетинде (University of Cambridge) да сабак берген.

1962-жылы АКШнын Блүмингтон шаарындагы Индиана университетинде (Indiana University) окутуучу-профессордук ишин баштап, мында Урал таануу жана Алтай таануу кафедрасын ачат.

Кафедра кийинчерээк Борбордук Евразияны иликтөө кафедрасы болуп аталып, аны ал 1981-жылга чейин башкарган.

Аксакал чыгыштаануучу ушул университеттен ардагер болду. Өмүрү өткүчө ардагер профессор катары бул окуу жай - Индиана университети менен кол үзбөй кызматташты.

Денис Сайнор 2011-жылы 12-январда 95 жашында АКШнын Блүмингтон шаарында дүйнөдөн өттү.

Денис Синордун артында карындашы, кызы, үч небереси жана төрт чөбөрөсү калды.

Маркум профессор Денис Сайнордун сөөгүн коюу жөрөлгөсү Блүмингтондогу Ыйык Карл католик чиркөөсүндө 21-январда өткөрүлдү.

Сайнор жана алтаистика түзөтүү

Кеңири билимдүү, полиглот, либерал чыгыш таануучу, залкар окумуштуу Денис Сайнор (мажарча тегаты – Шинор, Denis Sinor) Евразия тарыхына жана тил илимине байланыштуу 8 илимий монография, 160тан ашуун илимий макала жазып, көптөгөн эл аралык илимий монографияларга редактор болгон.

Маселен, “Британника” (Encyclopaedia Britannica) энциклопедиясын жана “Азия Тарыхы Журналын” (the Journal of Asian History) чыгарууга редактор жана автор катары салым кошкон.

Денис Сайнордун шакирти, учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Чарлз Карлсон “Азаттык” үналгысынын өкүлү Тынчтыкбек Чоротегин менен 2011-жылдын 19-январында курган маегинде маркум Сайнордун салымына мындайча баасын берди:

- Менимче, ал өтө залкар мурас калтырды. Профессор Сайнор, оболу, абдан көп шакирттерин телчиктирди. Алар дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө ири илимпоздор, профессорлор болуп калышты. Ал “Борбордук Азиянын Кэмбриж Тарыхы” сыяктуу эмгектерди жарыялады. Андан тышкары, ал “Евразия” деген илимий терминди киргизди. Ошентип, ал “Алтай тил дүйнөсүнүн калктары” деген терминди Азия менен чектеп салбай, кеңейтип, ага Кавказдагы алтай элдерин да кошту. Жапондордун тили да Алтай дүйнөсүнө кириши мүмкүндүгүн жазды. Ошентип, ал өзү киргизген “Евразия” илимий түшүнүгү аркылуу Европа менен Азияны бириктирди.

Сайнор алтаистика менен урал таануу илимдерин бири-бирине айкалыштырууга салым кошкон интеграциячыл окумуштуулардын бири катары тарыхта калды.

Сайнор жана кыргыз илимпоздору түзөтүү

Кыргызстанда да Сайнордун көптөгөн кесиптештери жана шакирттери бар.

Сайнор уюштурган ПИАКтын шеринелерине Ала-Тоодон тилчи, тарыхчы, булак таануучу, этнограф, ономаст жана башка далай адистер катышып, чет өлкөлүк кесиптештери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.

Кыргыздын эл аралык чөйрөгө белгилүү тилчи окумуштуусу, академик Бүбүйна Орузбаева “Азаттыкка” ыраматылык Сайнор жана ал негиздеген ПИАК тууралуу мындай деп айтты:

- 1953-жылы “Туруктуу Эл аралык Алтаистика Жыйыны” (ПИАК) деген уюмду уюштурат. Анын өзгөчөлүгү эле - жылыга бир өлкөгө (чыгыш калктарынын) тили, тарыхы, маданияты, салт-санаалары жана башка жагдайлары жөнүндө кызыккан жана аларды иликтеген адис кишилерди конференцияга чакырып тургандыгы.

Улам жаңы адистерди чогулушка тартып турушту. Жылдык жыйындар, маселен, АКШ, Германия, Франция, Белгия, Скандинавия өлкөлөрү, Түркия, Жапония, Тайванга чейин болгон. Мен он чактысына катышып калдым. 1969-жылы ПИАК жыйыны Берлинде болуп, мен баяндама менен барып, көп кишилер менен тааныштым. Түркологиянын кеңири өлчөмдөгү маселелери боюнча да жыйын өткөрүштү.

Бул киши өзү болсо орхон-энесай жазууларын чечмелөө жана башка маселелерде баяндамалар жасап жүргөн, - дейт академик Орузбаева.

Акыркы жолу 1999-жылы Прагада “Азаттыктын” сүрөөнчүлүгү менен ПИАК жыйыны болду, мен да ал жыйынга катышкам.

А киши Бишкекке да келген бир жолу. Он чакты жыл мурда "Мээрим" корунун эл аралык фестивалы өтүп, ага Сайнор да конок катары катышкан”, - дейт Бүбүйна Орузбаева.

1986-жылы “Туруктуу Эл аралык Алтаистика Жыйыны” (PIAC - ПИАК) деп аталган чыгыш таануучулар шеринесинин жылдык жыйыны ал кездеги советтик бийлик астында болгон Ташкен шаарында өттү.

Ошондо чет өлкөгө чыга элек кыргызстандык бир катар окумуштуулар ПИАКтын Башкы катчысы катары СССРге келген Сайнор мырзаны алгачкы жолу көрүшкөн.

Профессор Сайнор 1992-жылы дагы бир жылдык жыйынды Алматы шаарында уюштурганда, кийинчерээк Прага жана Валберберг шаарларындагы ПИАК жыйындарында да аны менен кыргыз илимпоздору көрүшкөн.

2007-жылы жайында ПИАКтын жыйыны Казан шаарында өттү. Бирок Сайнор мырза саламаттыгынын начардашынан улам Казан жыйынына жана андан кийинки жыйындарга (маселен, Хух-Хото жыйынына) келе албай калды.

ПИАКтын кийинки ишмердүүлүгү түзөтүү

Азыркы тапта ПИАКты Сайнордун шакирттеринин бири, германиялык чыгыш таануучу профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле (Barbara Kellner-Heinkele) жетектеп келет.

Профессор Хайнкеле 2011-жылы 19-январда таркаткан аза бөлүшкөн катта профессор Денис Сайнор ПИАКтын Баш катчысы катары дээрлик жарым кылымдай кызмат кылганын, тээ кансыз согуш кырдаалында да анын мээнети менен Батышка жана коммунисттик Чыгышка жиктелген чыгыш таануучу окумуштуулар орток шеринеге чогулуу мүмкүнчүлүгүн алганын баса белгилеп эскерет.

“Батыштагы башка далай институттар үчүн бул мүмкүн эместей иш-чара болчу”, дейт Хайнкеле айым.

Сайнордун айрым эмгектери түзөтүү

  • Inner Asia and its contacts with medieval Europe. London: Variorum, 1977. ISBN 9780860780014.
  • The Uralic languages : description, history, and foreign influences. New York: Brill, 1988. ISBN 9789004077416.
  • The Cambridge history of early Inner Asia. Cambridge: Cambridge University Press, 1990. ISBN 9780521243049.
  • The Uralic and Altaic series. London: Curzon Press, 1996. ISBN 9780700703807.
  • Studies in medieval Inner Asia. Aldershot, Hampshire: Ashgate, 1997. ISBN 9780860786320.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү