Сактоо – КР жарандык мыйзамдары боюнча, сактоо келишиминин же мыйзамдын негизинде пайда болуучу милдеттенме. Мыйзамдын негизинде С. боюнча милдеттенме жоопкерчиликтүү С. болуп эсептелет. Ал сатып алуучу (алуучу) өзүнө апкелинген товардан (м.: жараксыздыкка чыгарылган) баштарткан учурда пайда болот. С. материалдык баалуулуктарды өзүнчө бөлүнгөн, жабдылган, кайтарылган жайда, чийки заттарды, материалдарды, товарларды узак убакытка сактоонун эрежелерине жана нускоолоруна ылайык сактап турууга багытталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү