Абдраимов Самүдүн (1944-ж. т., Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы) — тоо-кен инженери, техникалык илимдердин доктору (1987), профессор (1990).

Абдраимов Самүдүн

Өмүр таржымалы түзөтүү

1971-жылдан Кыргызстан ИАнын Автоматика институтунда улук инженер, кенже, улук илимий кызматкер.
1978-жылдан пресс-комплекси лабораториясынын башчысы.
Абдраимов механика, машина куруу, механизм жана машина теориясы, татаал системаларды башкаруу теориясы жана практикасы тар мактарында эмгектенет. Анын иштери жаңы типтеги өзгөрүлмө структуралуу механизмдерди изилдөөгө арналган.
Абдраимовдун иштеринин негизинде басым аркылуу металл иштетүү үчүн пресстердин бир нече конструкциясы түзүлгөн жана жасалып чыгарылган. 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография), 36 ойлоп табуунун автору.

Сыйлыктары түзөтүү

Илим жана техника боюнча Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1977), Кыргыз Республикасынын эмгек синирген ойлоп табуучусу (1983).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер түзөтүү

КЫРГЫЗСТАНДЫК ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН АЛТЫН БАЙГЕСИ