Санаторий – профилакторий

Санаторий – профилакторий (түнкү санаторий) — жумушчулар менен кызматчылар иштеп жүрүп ден соолугун чыңдоочу жана санаторийлик дарылануучу мекеме.
Жалпы терапиялык (жүрөк-кан тамыр, ичеги-карын оорулуулар үчүн) жана адистештирилген санаторий – профилакторий бар. Жалпы терапиялык санаторий – профилакторийлерди өнөр жай ишканаларынын, жогорку окуу жайлардын жана башкалар профсоюз уюмдары уюштурат. Ага врачтын тыянагы боюнча профсоюз комитети жолдомону бөлүштүрөт. Жолдомо акысыз же жеңилдетилип берилет.

Дарылануу түзөтүү

Дарылануу мөөнөтү 24 күн, комиссиянын чечими менен узартылышы мүмкүн. Санаторий – профилакторий диагностикалык аппараттары, бальнеологиялык жана физиотерапиялык жабдуулары болуп, айыктыруу дене тарбия жүргүзүлөт. Кургак учук санаторий – профилакторийде дарылануу мөөнөтү 30 күндөн кем эмес болуп, жолдомо бекер берилет.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8