Санитариялык транспорт — оорулууну, жарадарды, медициналык кызматкерлерди жана медициналык буюмдарды ташууга, оорулууларды дарылоо жана алдын алуу чараларына карата ыңгайлаштырылган транспорт.

Түрлөрү түзөтүү

Санитариялык транспорттун жерде (автомобиль, темир жол), аба аркылуу (санитариялык авиация) жана деңиз, дарыяда (суу-деңиз санитариялык транспорту) жүрүүчү түрлөрү бар. Белгиленген максатка жана жол катнаштарынын ыңгайлуулугуна жараша тигил же бул түрлөрүн пайдаланууга болот. Автомобиль жолдорунун көбөйүшү, медициналык кызматтын атайын автомобилдер менен камсыз болушу менен шаар жана кыштактарда оорулуулар санитариялык автомобилдер менен ташылууда. Азыркы санитариялык транспорт оорулууну салууга, түшүрүүгө ыңгайлуу, жол жүрүп бараткан учурда оорулууга медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган жана медициналык жабдыктар менен толук жабдылган.

Аскердик санитариялык транспорт түзөтүү

Аскердик санитариялык транспорт согуш мезгилинде жарадар болгондорду жана жапа чеккендерди ташууга ылайыкталып жасалат.

Санитариялык поезддер түзөтүү

Санитариялык поезддер оорулуу жана жарадарларды госпиталдан ташуу үчүн колдонулат. Медициналык эвакуацияларды ишке ашыруу үчүн авиациялык транспортту пайдалануунун мааниси чоң, анткени жарадарларды көп кыйнабай, тиешелүү пункттарга тез жеткирет.

Авиациялык транспорт түзөтүү

Авиациялык транспорт көбүнчө бөлөк жол катнаштары менен жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда пайдаланылат. Биздин өлкөдө кубаттуу граждандык сан-авиация түзүлгөн, ал жетүүгө кыйын райондордон (Четки Түндүк, өлкөнүн тоолуу райондору жана башкалар) оорулууларды эвакуациялоодо, медициналык адисти, дары-дармек, кан, вакцина жана башкалар жеткирүүдө чоң роль ойнойт. Азыркы мезгилде медициналык кызмат атайын санитариялык автомобилдер менен жабдылып, анда шашылыш жардам көрсөтүү жана реанимация чаралары да жүргүзүлөт. Бул автомобилдер атайын аппараттар, жабдуулар менен жабдылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8