Сары трихантемис (лат. Trichanthemis aurea, Krasch) - Көп жылдык бозомук-жашыл өсүмдүк. Тамыры көп, негизги тамырлуу, каудекси кыска жана ыкташкан. Сабагынын бийиктиги 5-30 см, көп санда, башында жалгыз гүл таажылуу. Жалбырактары ланцеттүү, түктүүлүгүнөн бозомук-жашыл, эки түрдүү канаттай-тилкелүү; биринчи иреттеги сегменттери ажыратылган, сүйрү-жумуртка сымал, четки бөлүкчөлөрү 3-5 санда, сызыкча, учтары кыска түссүз-ачык курч учтуу, сабактарынын жогорку жагында жалбырактары азыраак, тамыр түбүнө жакындары жалбырак саптуу. Гүл таажысындагы четки гүлдөрү тилдүү, тегерек-түтүкчөлүү келет. Урукчаларынын узундугу 2-3 мм, ажыры – 2,5-4 мм узундукта, 8-12 ичке сызыкчалуу чел кабыктуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май-июнда гүлдөп, июлң-августта урук байлайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Алай кырка тоосунун түндүк капталдары (Өзбекстан, Кыргызстан). Кыргызстанда – Исфайрамсай жана Шахимардан сууларынын капчыгайында, Үчкоргон, Пулгон жана Кадамжай кыштактарынын тегереги, Катрантоо кыркасы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Тоо этектеринин таштак-шагылдуу, сланцтардын калдыктарындагы төмөнкү алкактарында кездешет.

Саны түзөтүү

Анча көп эмес.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жайыттарда малды көп жаюудан тебеленүүсү. Туристтер жана калктын өсүмдүктүн гүлдөрүн массалык түрдө чогултуп, урук байлоочу өсүмдүктөрдүн санын азайтуусу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин Кызыл китебине (1975), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Атайын коргоо аракеттери иштелип чыкпаган. Ботаникалык заказник уюштуруп, декоративдүү өсүмдүк катары өстүрүү зарыл.

Статусу түзөтүү

V U. Алай тоо кыркасынын сейрек кездешкен, декоративдүү, ( кууш) эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү