Саясий социология

1) социологиянын тармагы; адамдардын саясий чөйрөдөгү: мамлекет, партия, коомдук кыймылдар сыяктуу институттар менен өз ара мамилелерин изилдейт;

2) саясат таануу, саясий психология менен катар бирдиктүү саясий илимдин бир бөлүгү.

Саясий социологиянын негизги предмети: саясий бийлик, анын жашоосун жана индивиддердин, социалдык талгын, топтордун, этностук-конфессиялык биримдиктер, алардын уюмдарынын реалдуу аң-сезимин, кызыкчылыктарын, жүрүм турумун изилдөө, мамлекеттик коомдо бийликти бөлүштүрүүнүн формалары жана ыкмалары. Адистешкен тармак катары саясий социология батыш маданиятында 20-кылымдын 30-50-жылдарында аныкталган. Предметтик бөлүгү жана саясатты социологиялык жактан кароо байыркы грек ойчулдары Платон, Аристотель тарабынан башталган. Кийинчерээк саясатты жана мамлекетти социологиялык түшүнүүнүн түрдүү аспектилерин Н. Макиавелли, К. Боден, Т. Гоббс, Ш.Монгескье, Токвипь сыяктуу жаңы мезгилдин көрүнүктүү теоретиктери иштеп чыгышкан Чыныгы саясий социологиянын орношуна чечүүчү салымды француз энциклопедисттери К. Сен-Симон, Дж. Локк ж. б., немис философтору Г. Гегель жана Маркс кошушкан. Жарандык коом менен мамлекетин теориялык айырмалануусу, 19-кылымдын 2-жарымында социологиянын өз алдынча илимий дисциплина катары калыптанышы саясий социологияда чечүүчү жетишкендик болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4