Свази (ама-свази, ама-нгвани) — Түштүк Африкада жашаган банту эли.
Саны 2,4 млн адам, анын ичинде:

Свази

Свази эркектери
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 2,4 млн адам
 ТАР — 1,2 млн (2011)
 Свазиленд — 1,1 млн (2015)
 Мозамбик
 Зимбабве
 Лесото

Тили

свати,
зулу,
англис,
африкаанс,
португал

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери,
протестантизм

Расалык тиби

негроид

Кирет

бантулар

ТАР — 1,2 млн (2011)
Эсватини — 1,1 млн (2015)
Мозамбик — 10 миң

Ошондой эле Зимбабве жана Лесото мамлекеттеринде аз топтор бар.


Тил

Свати тилинде сүйлөшөт. Англис жана африкаанс тилдери да кеңири таралган. Зулус тили адабий тили катары колдонулат.

Дин

Негизинен жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалардын (эмад­ло­ти), жогорку жаратуучу Мве­линц­ан­ти жана жаратылыш күчтөрүнүн культтары) карманышат. Калгандары протестанттар (баптистер, методистер, англикандар, мормондор), афрохристиандар, бахаилер, мусулмандар.

Тарых

Ама-свази жана ама-нгване деген аталыштар 19-кылымдын биринчи жарымында жашаган Свази жана Нгване лидерлеринин ысымдарынан келип чыккан. Свази эли 19-кылымдын биринчи жарымында зулу, суто, шона урууларынын согуштарынын жана кыймылдарынын натыйжасында пайда болгон. Свазилер түштүктөн сүрүлүп чыгарылып, 1830-жылдардын аягында алар чоң уруу бирикмесин түзүшкөн. Бирикмени Дламини уруусунан чыккан башкаруучу (нгвеньяма) Собхуза жетектеген. Ал суто, тсонга жана башка урууларды баш ийдирген. Свази мамлекети нгвеньяма Мсвати II (1840-1868) тушунда күчтүн туу чокусуна жеткен. Анын атынан Эсватини эпоними коюлган. 1894-жылы свази жерлерин Трансвааль аннексиялаган. В 1903—1968 жылдары Свазиленд — британ протектораты.

Социум

Салттуу коомдук түзүлүштүн негизин айылдык жана чон үй-бүлө жамааттары, кландык уюм түзүшөт.
Туугандык эсеп — аталык.
Салттуу саясий институттар сакталып калган: башчылар кеңеши (либандла), эң башкы лидер (нгвеньяма), көбүнчө “падыша” деп аталат, анын айланасындагылардын кеңеши (ликоко) деп аталган. каныша эне (ндловукати), жаш курагы боюнча жаштардын аскердик бирикмелери (эмабутфо).
Конуш – бир же бир нече көп балалуу үй-бүлөлөр жашаган крааль (сибая).
По­ли­ги­ния, со­ро­рат, ле­ви­рат, калым (ло­бо­ло) практикаланат.
Дин кызматчылар, көзү ачыктар (тангома) жана табыптар (тинянга) бар.
Негизги азем - жаңы жыл (Инквала) декабрь-январь айларында эмбутфонун катышуусу менен, аскердик кийимчен, падышалык краальда чогулушат. Август — сентябрь айларында турмушка чыга элек кыздардын (ндло­ву­ка­ти) спектакли (Умхланга — камыш менен бийи) болот.

Чарбачылык

Негизги кесиби – кол менен иштетилген (кыю жана күйгүзү жол менен жерди бошотуу) жер чарбасы. Жүгөрү, буудай, таруу, буурчак, жер жаңгак, сорго өстүрүшөт. Күрүч жана кант тростниги колониялык мезгилден бери өстүрүлөт. Малчылык (ири мүйүздүү мал, кой, эчки).
Айрымдары плантацияларда (пахта, кофе) жалданып иштешет. Эсватининен келген эркектердин бир кыйла бөлүгү Түштүк Африкага иштөөгө аргасыз болушат.

Кол өнөрчүлүк

Салттуу кол өнөрчүлүк - темир устачылык (таш куралдарды колдонуу), карапачылык, тери иштетүү.

Маданият

Элдик фольклору өнүккөн (мифтер, жомоктор, макал-лакаптар, соло жана хор менен ырдоо, бийлөө).
Музыкалык аспаптар – үйлөмө аспаптар (лувене, ливенге, куду антилопанын мүйүзүнөн жасалган горн – импалампала), кыл аспаптар (ситонтоло, мгоангала, лигубу).

Улуттук кырсык

ВИЧ жана туберкулёз эпидемияларынан улам свази элинин өсүшү бир топ басаңдады. Белгилей кетсек, Эсватиниде ВИЧ-инфекциясынын жайылышы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрүнүн бири.

Булактар түзөтүү